ЖМК: Мелис Аспеков жана Улан Жураев 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалды

Мелис Аспеков жана Улан Джураев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектеп эки кишини кармады.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилеринен акча талап кылышкан.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолунун» жетекчилиги берген арыздын негизинде 8-январда «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Анын алкагында «М. А.» жана «У. Д.» аттуу кишилер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Кактус» басылмасы өздүк булактарына таянып, колго түшкөндөр жарандык активист Мелис Аспеков жана блогер Улан Джураев болгонун жазды. Бул маалыматты «Тазабек» басылмасынын булактары да тастыкташты.

Мелис Аспеков 30-октябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетекчиси болгонун айткан. Ал эми бул дайындоого чейин Аспеков Жапаровдун кадрдык чечимдерине нааразычылыгын билдирип, Бишкектин борбордук аянтына боз үй тигип, ачкачылык жарыялай турганын убада кылган болчу.

Ал эми 28-декабрда Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин БШК жана укук коргоо органдарына кайрылып, Аспеков Жапаровдун штабына расмий жактан жана юридикалык жактан дагы тиешеси жок экенин жазган. Анткен менен Аспеков Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларына катышып турган.

Улан Джураев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышып, «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 18чи болуп турган.