УКМК президенттин аппаратынын маалымат кызматынын башчысын кармады

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президенттик аппараттын маалымат кызматынын башчысы Нургазы Анаркулов кармалганын маалымдады.

Анаркулов ири суммадагы акча опузалоого шектелүүдө.

«А.Н.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган», — деп билдирди Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы.

Улуттук коопсуздук кызматы Анаркуловго карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Нургазы Анаркулов маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп 2020-жылдын октябрында дайындалган. Анаркуловдун дайындалышы тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров 30-октябрда кол койгон. Боршайкомдун маалыматына ылайык, Анаркулов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин партиялашы болуп саналат — экөө тең «Мекенчил» партиясынан.

Мындан тышкары, БШКнын маалыматы боюнча, Анаркулов 2010-жылдан бери «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген жана парламенттик шайлоодо аталган партиянын тизмесинде 47-орунда болгон.