Ташиев: Тажик тарап тактала элек жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатат

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районундагы чек ара чектеш айылдардын тургундары менен жолукту. Анда ал Тажикстан «тактала элек жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатат» деп билдирди.

Анын айтымында, тажик аскерлери контейнер орнотуп алган аймак такталып жазылган эмес. Бирок тажик тараптын 1924-1989-жылдардагы картасында аларга таандык деп көрсөтүлгөн. Анткен менен Кыргызстан ал картаны «ушул күнгө чейин тааныбай келет» дейт Ташиев.


«Бул Унжу-Булак, 1 100 гектар жер, аныктала элек. Бирок такталган, так өзүбүздүн территорияга биз постту койгонбуз. Посттун бул жагы тактала элек. Бирок тажикстандыктар акыркы кездерде тактала элек жерлерге кирип, өздөштүрүүгө аракет кылып жатышат. Бүгүн да түнкү саат 3тө ушундай болду», — деди УКМК башчысы.


УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотконун кабарлаган. Андан кийин тажик аскерлер 600 метрге жылып кетишкен.

Чек ара кызматы эрте мененки саат 6:00до абал «чыңалуу» болгонун кабарлаган. Министрлер кабинетинен тажик тарап «бул аракети менен мурдагы макулдашууларды бузганын» айтышты.

Учурда инцидент болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев барышты.

Анткен менен Тажикстандын расмий бийлиги орнотулган контейнер чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешти.