Видео: Тажик аскерлери такталбаган аймакка контейнер орнотушту

УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы такталбаган аймакка контейнер орнотуп жатканда тартылган тасманы жарыялады.

Анда контейнер атайын крандын жардамы менен орнотулганын жана аймакта 10дон ашуун аскер жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле алардын жанында ыктымал аскердик жол тандабас токтоп турганы байкалат.

Тажикстандын аскерлери 4-июнда саат 3:00 чамасында Кыргызстандын 1 чакырым аймагына кирип келип, Унжу-Булак аймагындагы такталбаган тилкеге контейнерлерди орноткон. Андан соң контейнерди таштап, аскерлер өздөрү 600 метрге жылып кеткен.

Чек ара кызматы аскерлер автомобилдик жана жеңил брондолгон техника менен топтолгонун белгилеген.

Ошондой эле аталган кызматтан кыргыз тарап абалды чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу үчүн аракет кылып жатканын, бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатышканын билдиришкен.

Ал эми эми Министрлер кабинети тажик тарап бул аракети менен «мурдагы келишимдерди бузуп, чек арадагы абалды курчутканын» маалымдады.

Абалды жөнгө салуу үчүн жерине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев жөнөп кетти.

Чек ара кызматынын бөлүмдөрү кыргыз-тажик чек арасынын аталган аймагын кайтаруунун күчөтүлгөн режимине өтүшкөн.

Унжу-Булакка кирбөө тууралуу макулдашуу

Буга чейин, 18-майда, тажик аскерлери Чоң-Алай районун Кароол-Дөбө жана Унжу-Булак аймактарына кирип алган. Бул жергиликтүү тургундардын тынчын алып, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон.

Окуя болгон жерге чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Чынарбек Насиев барып, Тажикстандын чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын натыйжасында тараптар Унжу-Булак жайыты такталганга чейин аны кайтарбоого макулдашкан. Ошондой эле, кыргыз-тажик чек арасын биргелешип кайтаруу эки тараптын макулдашуусунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн экени айтылган.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар тажик аскерлери буга чейин, 16-майда, Карамык айылынын тургунун кармап, аны коркутуп, сурак алганын билдиришкен.

Чоң-Алайдын ошол кездеги акими Өскөнбай Мамажакыпов Тажикстан менен чектешкен аймактагы 1 010 гектар такталбаган жайыт бар экенин, ал 1924, 1927 жана 1989-жылдары Тажикстандын картасында экенин, бирок иш жүзүндө аны кыргыз тарап пайдаланып келгенин айткан. Ошондой эле Мамажакыпов коңшу өлкөнүн чек арачылары такталбаган аймакты буга чейин алыстан көзөмөлдөгөнүн, бирок 18-майда аймакка кирип келгенин кошумчалаган.

Министрлер кабинети 21-майдан тартып Кыргызстан Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганы маадымдалган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактар азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек.