Тажикстан чек ара күзөтүн протоколдук келишимдин негизинде койгонун билдирди

1-май, эки өлкөнүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу.

Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын аймагына чек ара күзөтүн жайгаштыруу протоколдук келишимдин негизинде жүргүзүлгөн деп билдирди. Ошондой эле тажик тарап аталган аймакты «макулдашылган» деп атады.

«Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагындагы келишимге ылайык, айрым чек ара чекиттери жазылган болчу. Ушуга байланыштуу, учурда Тажикстадын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин күзөтчүлөрү тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын макулдашылган тилкесин кайтарып жатышат», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешти.

«Башка жагынан караганда, Карамык ашуусунда Кыргызстандын тиешелүү инфраструктурасы бар чек ара бекети орнотулган. Жайгашкан күзөт эки өлкөнүн чек арасындагы делимитация, демаркация процесси аяктап, расмий катталганга чейин чек араны коргоодо паритет принцибин камсыз кылат», — деп жазды Тажикстандын Чек ара кызматы.

«Тажикстан мурдагы келишимдерди бузду»

Анткен менен Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагына 1000 метр ичкери кирип келип, андан кийин Унжу-Булактын жазылбаган аймагына контейнер орнотушканын кабарлаган.

Ошондой эле, мекемеден кыргыз тарап абалды чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу үчүн аракет кылып жатканын, бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатышканын белгилешкен.

Ал эми Министрлер кабинети «Тажикстан бул аракети менен мурдагы келишимдерди бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды курчутууда» деп билдирген.

Чоң-Алайга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев жөнөп кетти.

Кыргыз-тажик тарап кабыл алган протокол

Тажикстандын аскерий агрессиясынан кийин 1-майда Баткен облусунда эки өлкөнүн УКМК башчылары жолугушуп протокол кабыл алышкан. Анда топографиялык жумушчу топторго жакын арада Мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилген.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек аранын №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин жана № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесиндеги долбоордук сызыгын жазууга 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтерин жана материалдарын пайдаланууну макулдашышкан.

Ошондой эле топографиялык жумушчу топторго кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын жогоруда көрсөтүлгөн тилкелеринин долбоордук сызыгын 2021-жылдын 5-9-майында жазып чыгуу тапшырмасы коюлган.

Буга катар Тараптардын жумушчу топтору 2021-жылдын 17-майына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай жана Лейлек районунун Максат, Кулунду калктуу пункттарында, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун Исфара шаарынын Чоркух, Сомониён, Ходжаев Аъло, Гафуров районунун Овчи Калача Бабаджан тилкелеринде топографиялык иштерди жүргүзүүгө жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын жазууга киришет деп айтылган.

Андан сырткары, тараптар делимитация, демаркация жана кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө процесси жыйынтыкталганга чейин жарандардын тоскоолдуксуз кыймылы, Тажикстан Республикасынын транспорттук каражаттары жана жүктөрүнүн өтүүсү үчүн Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабын айланта «Ходжаи Аъло – Ворух» жолу биргелешип курулат жана тажик тарап аны пайдаланат деп макулдашышкан. Аталган автожолдун статусу эки өлкөнүн өз алдынча мамлекеттик келишимдери менен аныкталаары айтылган.