Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын элчисине нота тапшырды

Тажикстандын ТИМи

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги 4-июнда Кыргызстандын элчисине нота тапшырды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы билдирди.

Коңшу өлкөнүн ТИМи Кыргызстандын расмий бийлигинин «Тажикстан чек ара боюнча макулдашууну бузду» деген билдирүүсүн «чындыкка дал келбейт» деп маалымдады.

«Тажик чек арачылары эки өлкө буга чейин тактаган, чийген жана протоколдо макулдашылган Тажикстандын аймагында турат. Тажик чек арачылар өзүнүн аймагын коргоодо, ал эми чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду», — деп билдиришти Тажикстандын ТИМи.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчиси Назирмад Ализодага нота тапшырган. Нота Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына «тажик аскерлери жана техникалары максаттуу ичкери кирип келишине карата» берилген.

Ошондой эле, Кыргызстандын ТИМи «Тажикстан эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн буга чейинки келишимдерине карабастан, чек арадагы чыңалууну жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн качып, чек ара өкүлдөрүнүн кайрылуусуна жооп бербей жана байланышка чыкпай жатат» деп белгилеген. Мындан сырткары, министрлик тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен техниканы чыгарып кетүүнү талап кылган.

Кыргыз тарап Тажикстан буга чейин эки өлкөнүн коргоо министрликтери кабыл алган токтомдорду тажик тарап бузуп, алардын аракеттерин «чагым» катары баалады.

УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотконун кабарлаган. Андан кийин тажик аскерлери 600 метрге жылып кетишкен.

Чек арадагы абал саат 6:00до «чыңалуу» болуп, бирок саат 14:00го турукташа баштаганы маалымдалган. Ал эми инцидент болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев барышты.

Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала элек экендигин билдирген. УКМКнын башчысы тажик тарап тактала элек аймактарга кирип, жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи.

УКМКнын башчысы өзүнүн тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Чоң-Алай районунда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Көп өтпөй Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң-Алай районундагы Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Сибе жана Чулук айылдарынын тургундарын эвакуациялоо иштери башталганын билдирди.