ТИМ: Тажикстандын элчисине нота тапшырып, аскер күчтөрүн чыгарып кетүү талабы коюлду

Сүрөт «Спутник» басылмасынан алынды

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нотасын тапшырды. Нота Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына «тажик аскерлери жана техникалары максаттуу ичкери кирип келишине карата» берилди.

ТИМ «Тажикстан эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн буга чейинки келишимдерине карабастан, чек арадагы чыңалууну жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн качып, чек ара өкүлдөрүнүн кайрылуусуна жооп бербей жана байланышка чыкпай жатат» деп белгиледи.

Мындан сырткары, министрлик тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен техниканы чыгарып кетүүнү талап кылды.

«Бул талап эки өлкөнүн чек арага чектеш аймактарында кырдаалдын мындан ары күчөп кетпөөсүн алдын алуу максатында коюлуп жатат», — деп билдиришти ТИМден.

Ошондой эле, кыргыз тарап нотаны тапшырып жатып, буга чейинки эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынган токтомдорду тажик тарап бузуп, чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна алып баруучу кезектеги «чагымчыл» аракет кылганын белгиледи.

*Тажикстандын аскерий агрессиясынан кийин 1-майда Баткен облусунда эки өлкөнүн УКМК башчылары жолугушуп, эки тараптын топографиялык жумушчу топторуна жакын арада Мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилген.

Тараптар Кыргызстандын жана Тажикстандын ортосундагы Мамлекеттик чек аранын №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин жана № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесиндеги долбоордук сызыгын жазууга 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтерин жана материалдарын пайдаланууну макулдашышкан.

УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотконун кабарлаган. Андан кийин тажик аскерлер 600 метрге жылып кетишкен.

Чек ара кызматы эрте мененки саат 6:00до абал «чыңалуу» болгонун кабарлаган. Министрлер кабинетинен тажик тарап «бул аракети менен мурдагы макулдашууларды бузганын» айтышты.

Учурда инцидент болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев барышты.

Анткен менен Тажикстандын расмий бийлиги орнотулган контейнер чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешти.

Бирок Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала элек экендигин билдирген. УКМКнын башчысы тажик тарап тактала элек аймактарга кирип, жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи.