Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу, аймакка УКМКнын башчысы жөнөп кетти

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагында жайгашкан кыргыз-тажик чек арасына тажик аскерлери техникаларын тартып жатат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда абал чыңалуу.

Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү таңкы саат 3:00 чамасында тажик аскерлери Кыргызстандын 1 чакырым аймагына чейин кирип, чек арадагы такталбаган Унжу-Булак аймагына контейнерлерди орнотушкан. Андан соң 600 метрге жылып кетишкен.

Чек ара кызматынан кыргыз тарап абалды чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу үчүн аракет кылып жатканын, бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатышканын билдиришти.

Ал эми министрлер кабинетинен тажик тарап «бул аракети менен мурдагы макулдашууларды бузганын» айтышты.

«Мындай аракеттер менен тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, кырдаалды кызытып жана кыргыз-тажик чек арасындагы абалды курчутту — бул достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелерге туура келбейт», — деп кабарлашты министрлер кабинетинен.

Мындан улам Чоң-Алайга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев жөнөп кетти.

Чек ара кызматынын бөлүмдөрү кыргыз-тажик чек арасынын аталган аймагын кайтаруунун күчөтүлгөн режимине өтүштү.

Унжу-Булакка кирбөө тууралуу макулдашуу

Буга чейин, 18-майда, тажик аскерлери Чоң-Алай районун Кароол-Дөбө жана Унжу-Булак аймактарына кирип алган. Бул жергиликтүү тургундардын тынчын алып, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон.

Окуя болгон жерге чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Чынарбек Насиев барып, Тажикстандны чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын натыйжасында тараптар Унжу-Булак жайыты такталганга чейин аны кайтарбоого макулдашкан. Ошондой эле, кыргыз-тажик чек арасын биргелешип кайтаруу эки тараптын макулдашуусунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн экени айтылган.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар тажик аскерлери буга чейин, 16-майда, Карамык айылынын тургунун кармап, аны коркутуп, сурак алганын билдиришкен.

Чоң-Алайдын ошол кездеги акими Өскөнбай Мамажакыпов Тажикстан менен чектешкен аймактагы 1 010 гектар такталбаган жайыт бар экенин, ал 1924, 1927 жана 1989-жылдары Тажикстандын картасында экенин, бирок иш жүзүндө аны кыргыз тарап пайдаланып келгенин айткан. Ошондой эле Мамажакыпов коңшу өлкөнүн чек арачылары такталбаган аймакты буга чейин алыстан көзөмөлдөгөнүн, бирок 18-майда аймакка кирип келгенин кошумчалаган.

Министрлер кабинети 21-майдан тартып Кыргызстан Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганы маадымдалган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактар азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек.