«Коопсуз шаар»: Акча опузалоого шектелип кармалган Дыйканбаев президентке кайрылды

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыра турган Кытайдын Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясынан келишимди узартып берүү үчүн ири суммадагы акча талап кылганы үчүн кармалган Азамат Дыйканбаев президент Садыр Жапаровго абактан кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусун адвокат Кайсын Абакиров фейсбук барагына жарыялады.

Дыйканбаев кайрылуусунда ага 6-7- майда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү аталган компания боюнча «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш бар экени тууралуу эки кат алып келишкенин айткан. Алар бул компания Кытайдан акчанын изин жашырып жаткан болушу ыктымалдыгынан улам бул келишим УКМКнын жеке көзөмөлүндө экенин айтышкан.

Кайрылууда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен президенттин Эрнис аттуу жардамчысынын аты аталган.

Келишимди узартуу боюнча 10чу же 11-майда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов чалып, эртелетип келишимдин мөөнөтүн узартууну суранган. Андан кийин Жапаровдун Эрнис аттуу жардамчысы дагы ушундай эле өтүнүч менен чалганына токтолгон.

14-майда ал президенттин Эрнис аттуу жардамчысына компания кепилдик кажаратты төлөшү керектигин же банктын кепилдигин камсыздашы керектигин түшүндүрүүгө аракет кылган.

«15-майда саат 14-00дө мен Улукбек Мариповго бардыгын түшүндүрүп, УКМКнын катын көрсөттүм, иш бар экенин айттым. Ал менин көзүмчө Эрниске чалып, убакыт керектигин түшүндүрдү. 17-майда Эрнис менен парламенттин түштүк тарабында түшкү тамактануу маалында жолуктум. Ага УКМКнын катын, келишимдин аткарылбай жатканын көрсөттүм. Өз кезегинде Эрнис Кытай компаниясынын катына сиздин “Көрсөтмө. Создуктурууну токтоткула” деген резолюцияны көрсөттү», — деп жазат Дыйканбаев.

Дыйканбаев президенттен ушундай тапшырма келип келбегенин Мариповдун канцелерясынан жана министрликтен дагы караткан, бирок андай тапшырма келген эмес.

Ал ошондой эле, анын кетирген чоң катасы Кытай компаниясына катуу жооп берип койгону экенин белгилеп, ал айткандары үчүн кечирим сураган. Дыйканбаев кытайдын компаниясы президенттин атын жамынып жүргөнүн баса белгилеп, аларга "Керек болсо президент, же министрлер кабинетинин төрагасы чалса дагы мен ушундай келишимге кол койбойм” деп айткан.

«Тилекке каршы сизге контекстен кесилип алынган гана жерлери жетиптир. Аталган компаниядан мен акча талап кылган эмесмин... Ошондой эле мен өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыгын эске алышым керек болчу», — деп жазылат кайрылууда.

Азамат Дыйканбаевдин кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-майда Азамат Дыйканбаевди «пара опузалоого» шектеп кармаган. Маалыматка ылайык, Дыйканбаевге карата арызды «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган чет өлкөлүк компания жазган. Арыз берүүчүлөр Дыйканбаев долбоор боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оң чечип берүү үчүн «ири өлчөмдөгү пара опузалаганын» билдиришкен.

Дыйканбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары даражасындагы санариптик өнүктүрүү министри болуп 5-майда дайындалган болчу. Буга чейин ал Телекоммуникация жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп иштеген.

2020-жылдын ноябрь айында «Жарандык көзөмөл комитети» Дыйканбаев радиожыштыктардын лицензияларын жокко чыгарып же операторлорго көтөрө алгыс бааларды коюп жатканына нааразы болушкан. Комитет мындан улам миңдеген абоненттер интернетсиз калуу коркунучунда турганын билдирген.

Ал эми Дыйканбаев бул айыптарды четке кагып, алар байланышты өнүктүрбөй, радиожыштыктарды кайрадан сатууга аракеттенген компаниялардын лицензияларын жокко чыгарганын билдирген. Ошондой эле, Дыйканбаев лицензиясынан ажыраган компанияларга карата буга чейин кылмыш иштери козголгонун айткан.