Азамат Дыйканбаев «пара опузалоого» шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-майда Министрлер кабинетинин төрага орун басары Азамат Дыйканбаевди кармады. Ал «пара опузалоого» шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, Дыйканбаевге карата арызды «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган чет өлкөлүк компания жазган. Арыз берүүчүлөр Дыйканбаев долбоор боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оң чечип берүү үчүн «ири өлчөмдөгү пара опузалаганын» билдиришкен.

«Жакынкы арада Азамат Дыйканбаевге аталган кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарлама берилет, ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт коюу чарасын карайт», — деп берилет атайын кызматтын маалыматында.

Аткаминер учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азамат Дыйканбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары даражасындагы санариптик өнүктүрүү министри болуп 5-майда дайындалган. Буга чейин ал Телекоммуникация жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп иштеген.

2020-жылдын ноябрь айында «Жарандык көзөмөл комитети» Дыйканбаев радиожыштыктардын лицензияларын жокко чыгарып же операторлорго көтөрө алгыс бааларды коюп жатканына нааразы болушкан. Комитет мындан улам миңдеген абоненттер интернетсиз калуу коркунучунда турганын билдирген.

Ал эми Дыйканбаев бул айыптарды четке кагып , алар байланышты өнүктүрбөй, радиожыштыктарды кайрадан сатууга аракеттенген компаниялардын лицензияларын жокко чыгарганын билдирген. Ошондой эле, Дыйканбаев лицензиясынан ажыраган компанияларга карата буга чейин кылмыш иштери козголгонун айткан.