Жапаровдун жарлыгы: Өкмөт жоюлуп, министрлер кабинети түзүлдү

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 5-майда «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» жарлыкка кол койгонун билдирди.

2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Конституция башкаруунун президенттик формасын, аткаруу, мыйзам чыгаруу органдарын жана сот бийлигин түзүүнүн жаңы тартиби орното турганы белгиленген.

Жапаров өкмөт отставкага кетти деп эсептелет деп билдирип, аны министрлер кабинетине өзгөртүүнү токтом кылды.

Эми министрлер кабинети төмөндөгүдөй түзүмдөн турат:

  • Экономика жана финансы министрлиги;
  • Коргоо министрлиги;
  • Тышкы иштер министрлиги;
  • Юстиция министрлиги;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
  • Билим берүү жана илим министрлиги;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • Ички иштер министрлиги;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
  • Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
  • Айыл, токой жана суу чарба министрлиги;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министирлиги;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
  • Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Министрлер кабинети төмөнкүлөрдөн турат: 

  • Министрлер кабинетинин төрагасынан;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынан;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министринен;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министринен;
  • Министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан. 

Улукбек Марипов президенттин жарлыгы менен министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин Кыргызстандын премьер-министри кызматын аркалап келген.

Анын биринчи орун басары болуп, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков дайындалды.

Улукбек Карымшаков — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Буга чейин ал вице-премьер даражасындагы Экономика министрлигинин башчысы болгон.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп Жылдыз Бакашова бекитилди. Бакашова буга чейин Улуттук китепкананын директору, коомдук китепканалар ассоциясынын президенти жана Евразия китепканалар ассамблеясынын президенти болуп иштеген.

Азамат Дыйканбаев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары даражасындагы санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Буга чейин ал Телекоммуникация жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп иштеген.

Министрлер кабинетинин алдында аткаруу бийлигинин төмөнкү органдары иш алып барат:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
  • Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги
  • Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.

Жаңы Конституция

5-майда президент Садыр Жапаров 2021-жылы 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койду.

30-апрелде Боршайком 2021-жылдын 11-апрелиндеги Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өттү деп тапкан.

БШКнын маалыматы боюнча, референдумга добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын 36,6%ы катышкан. Анын ичинен 79,3%ы жаңы Конституцияны колдошсо, — 13,7%ы каршы добуш беришкен.

Эми алдыңкы айларда Кыргызстан жаңы Конституцияга ылайыктап башкаруу формасын, дээрлик бардык мыйзамдарды, анын ичинде колдонуудагы кодекстерди дагы өзгөртүшү керек.

Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Жоруктар жөнүндөгү кодекс жана Мыйзам бузуулар жөнүндөгү кодекстер бир айдан кийин Жогорку Кеңеште каралат. Аларды жумушчу топтун мүчөлөрү жакынкы күндөрү даярдап берет, бирок иш-чаралар ЖМКларсыз жабык эшик артында өтүп жатат.

Жаңы Конституция жарыялангандан тартып жарандык коом, юристтер, тарабынан сынга алынып, долбоор «чийки» деген пикирин айтышкан. Атап айтканда, юристтер конституциянын жаңы долбоорунда президенттин бийликтин башка бутактарынын үстүнөн чектен тыш үстөмдүгү жазылып, бир колго чексиз бийлик топтолгонун айтышкан.

Ошол эле учурда, сот, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги президентке баш иет. Ал эми президенттин өзүн жоопко тартуу дээрлик мүмкүн эмес.

Тема боюнча окуңуз:

Эгерде жаңы Конституция кабыл алынса, эмнелер өзгөрөт?

Хельсинки комиссиясы: Кыргызстандын жаңы Конституциясы авторитаризмге алып барат

Конституциянын долбоорунун жоболору эл аралык стандартка туура келбейт — Венеция комиссиясы

Садыр Жапаров: Жаңы Конституция боюнча жоопкерчилик элде дагы болот