Ошто 15 жаштагы өспүрүм кыз сүрөткө түшөм деп жатып дарыяга чөгүп кетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / Kloop.kg

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 15 жаштагы өспүрүм кыз Кара-Кулжа дарыясына чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 8-июнда маалымдашты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы маркум достору менен эс алууга барып, сүрөткө түшөм деп жатып дарыяга түшүп кеткенин билдирди.

Өткөн жылдын 7-июнунда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына «Макаренко» мектебинин бүтүрүүчүсү түшүп кетип каза тапкан. Анын сөөгү эртеси күнү болжол менен таңга маал 5:30дар чамасында табылган. Маркум төрт досу менен сүрөткө түшөм деп жатып тайгаланып кеткен.

Тема боюнча:

Ошто мектеп бүтүрүүчүсү сүрөткө түшөм деп жатып сууга чөгүп кетти