Ошто мектеп бүтүрүүчүсү сүрөткө түшөм деп жатып сууга чөгүп кетти

Ак-Буура дарыясы. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу

Оштогу Ак-Буура дарыясына 7-июнда «Макаренко» мектебинин бүтүрүүчүсү түшүп кетип каза тапты. Анын сөөгү эртеси күнү болжол менен таңга маал 5:30дар чамасында табылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, маркум сүрөткө түшөм деп жатып тайгаланып кеткен. Анын сууга түшүп кеткендиги тууралуу милицияга классташтары кабарлаган. Аширбаевдин айтымында, кырсык төрт бүтүрүүчү чогулуп сүрөткө түшүүгө барганда орун алган.

«Алар “бүтүрүү кечеси болбосо да, жок дегенде сүрөткө түшөлү” дешип, ата-энесинен уруксат албай кетишкен. Окуя болгон күнү суунун көптүгүнөн баланын сөөгүн таба алышпай, сууну токтотууга туура келген. Маркумдун ата-энеси экспертиза өткөрүүдөн баш тартты», — деди Аширбаев.

Буга чейин 4-июнда облустагы Ош — Араван каналынан 47 жаштагы жогорку окуу жайдын мугалими Эркайым Шадыеванын сөөгү табылган. Ыкчам тергөө тобу сырттан кароо жүргүзгөндө маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Жакындары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Өлүмдүн себептерин милиция териштирүүдө.

Быйыл коронавирус пандемиясынан улам мектеп окуучулары төртүнчү чейректи аралыктан окушту. Ошондой эле акыркы коңгуроо да онлайн жаңырып, бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды.