Жапаров Түркияда аскерий чөйрө жаатында өнөктөштүктү улантуу маанилүү болгонун белгиледи

Президент Садыр Жапаров Түркияга жасаган расмий сапарында Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышып, эки өлкөнүн достугу «күн санап жаңы баскычка көтөрүлүп баратканын» белгиледи.

Жапаров, ошондой эле, эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарынын катарына «аскердик чөйрө менен коопсуздук боюнча өнөктөштүктү» белгиледи.

«Бул багытта ал кибер кылмыштуулукка, котрабандага, баңги заттарды, курал-жарак жана адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга жана терроризмге, ошондой эле эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка жаңы коркунучтарды туудурган улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга чечкиндүүлүгүн билдирди», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан.

Мындан сырткары Жапаров Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту чыңдоо жана коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү керектигин белгиледи. Ошондуктан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүү маанилүү деп эсептейт Жапаров.

Кыргызстандын аскердик техникасынын абалы

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн абалы жана дарамети тууралуу маселе апрелдин аягында Тажикстандын аскерий агрессиясынан кийин айтыла баштады. Аталган темага Temirov Liveдын журналисттери да кайрылып, эки өлкөнүн аскердик техникасын салыштырган.

Анда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө 2020-жылга карата 150 танк, 414 брондолгон аскердик унаа, 228 артиллериялык курал, 52 аба чабуулунан коргонуучу каражат, эки тик учак, төрт самолёт жана 36 танкка каршы куралдары бар экени көрсөтүлгөн.

Ал эми Тажикстанда 2020-жылы 37 танк, 56 брондолгон аскердик унаа, 23 артиллериялык курал, эки аба чабуулунан коргонуучу каражат, төрттөн тик учак жана самолёт болгону маалымдалган. Анткен менен башка маалымат булактарында тажик тараптын аскерий техникасы алда канча көп экени көрсөтүлгөн.

«Кыргызстанда танктар жана башка аскердик техника көп болгондуктан анын армиясы күчтүрөөк десе болот эле. Бирок Тажикстан армиясын ар дайым күчөтүп, акыркы беш жылда 121 млн 90 миң доллар сарптаган [...] Кыргызстан болсо буга 4 млн 587 миң доллар жумшаган», — деп белгилеген журналист Зулайка Эркимбаева.

Кыргызстан аскерий техника үчүн акыркы жолу каражатты 2016-жылы сарптаган.