Ош шаарынын тургуну Махабат Адишеванын жолдошу Илияз Адишев Ош коогалаңында ок атуучу куралдан жаракат алып каза тапкан. Адишева беш баласы менен жалгыз калган — кенжеси эмчекте болгон.
«Ош окуясында биздин үй-бүлө үчүн өтө оор жоготуу болгон. Биз ар жылы июнда гана эмес, ар дайым ар саатта эскерип турабыз. Ал кезде балдарыбыз да жаш болчу, эң кичинекейи эмчекте болчу, ал эми эң улуу кызым 6-класста болчу, азыр эми үч балалуу болуп калды. Жолдошума арнап куран окутуп турабыз, андан башка айлабыз жок экен», — дейт ал.
Адишева жолдошун балдарга күйүүмдүү жана камкор ата болгон деп эскерип, анын кантип каза болгонун жана андан кийинки жашоосун айтып берди.
«Атам бир жолу кайра келип койсо кана деп жүрүштү»
Адишев 2010-жылдын 12-июнунда 38 жаш курагында каза тапкан. Ал Ош окуясы баштаалардан бир күн мурун бейкапар достору менен өзү туулган Ош облусунун Алай районуна эс алууга кеткен. Махабат айымдын айтымында, жолдошу мекенчил адам болгондуктан, коогалаңды угуп, ал жайгарылганга чейин Алайда күтүп тура алган эмес.
«Алайдан унаа менен Ош шаарындагы облустук оорукананын алдына келгенде снайпер аткан, үч ок тийип, ошол эле жерден жан берген. Унааны мектептин директору башкарган, жолдошум анын жанында отурган. Артында дагы үч киши болгон, бирок унаадагы адамдардын эч кимисине ок атылган эмес, снайпер менин жолдошума гана мээлеп аткан. Анткени жолдошум кең далылуу, бою узун болгон. Менимче снайперлер атайын тандап ок чыгарышкан», — дейт Адишева.
Жолдошу каза болгондон кийин жакындары ага суук кабарды угузбай эле, андан балдарынын коопсуздугу үчүн айылга барып туруусун өтүнүшкөн. Бирок Махабат жолдошунун каза болгонун «жүрөгүм менен сезип жаттым» дейт.
«Жолдошум саат 11лерде өлгөн экен. Дал ошол убакта эмнегедир эмчектеги баламы да карай албай, тыбырчылай бердим. Кайнагамдар “айылга кете бер” дегенде мен баарын түшүндүм [ыйлап] Бул биздин үй-бүлө үчүн оор жоготуу болду. Андан кийин да көпкө чейин балдарым “атам бир жолу кайра келип койсо кана” деп жүрүштү», — дейт ал көзүнө жаш алып.
Адишев жеке ишкер болгон. Ал эми жубайы балдарын карап үйдө отургандыктан үй-бүлө багуу түйшүгүн анчейин сезген эмес.
«Күйөөм балдарым дегенде ичкен ашын жерге коёр эле, балдарым үчүн жанымды берем деп сүйлөчү. Ошол коогалаң күндөрү деле кайнагам жолдошума “үйүңө кайт, сенин балдарың бар” деп айткан экен, бирок ал “ушул балдарымдын тынчтыгы үчүн жүрөм” деп жооп берген экен. Ойлонуп көрсөм мен жадагалса мектепке чогулушка деле барбаптырмын, жолдошум өзү барчу. Кийим-кечени да өзү кылып берчү экен азыр эстесем», — деп кейиди ал.
«Илияз Адишев» атындагы мектеп
Адишев Алай районунун Таш-Коро айылында туулган. Сөөгү өзү туулган жерге берилген. Кийинчерээк анын ысымы айылдагы мектепке берилген.
«Биз жылда акыркы коңгуроодо ошол мектепке да барабыз. Атайын балдарымы жана мени маданият үйүнөн чакырып турушат. Мүмкүнчүлүккө жараша үй-бүлөбүздүн атынан жакшы окуган балдарга стипендия берип турабыз», — дейт ал.
Махабат Адишева беш баласынын келечеги үчүн белин бекем бууп, жолдошунун ишин улантууга аракет кылган. Ар жаатта ишкерлик кылып балдарын окутуп, бутуна тургузган.
«Жашоо өзү түртөт экен, жашаш керек экен, балдар атасы барда кандай жашаса ошондой жашагысы келет экен. Айла жок баарына көнөт экенсиң. Анан белими бекем бууп, аракет кылганга туура келди. Ар түрдүү жааттарда жеке ишкердик кылып жүрдүм, элдин алды болбосом да, артта калбаганга аракет кылдым. Азыр кудайга шүгүр, балдарым чоңойду, баары окуду», — дейт.
Махабат Адишева 2010-жылдагы Ош окуясын «кызыкчылыгы бар адамдар атайын уюштурган» деп эсептейт. Ошондой эле күнөөлүү адамдар өз жазасын алышы керек деген ойдо.
«Мен жолдошум каза болгондон кийин жаш балдар менен калганым үчүн “ким атты” деп сурап эч жакка барбадым, беш бала менен каяка чуркайт элем. Бирок мен кудай бар деп ишенем, кан төгүүгө күнөөлүүлөр бул дүйнөдө болбосо да акыретте баары бир жазасын алат. Биздин балдардын жана биздин көз жаш аларды тынч уктатпайт деп ойлойм», — деп жашыды ал.
Этникалык кагылышуу
2010-жылдын 10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган.
Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.
Июнь коогалаңын иликтеген Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.
«Бул окуялардын жүрүшүндө миңдеген адамдар жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлиги 1900 адамга ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүлдү деп айтышкан. Бирок жабыркагандардын саны мындан бир топко көп болушу мүмкүн. Ооруканалардагы айрым медициналык жардам көрсөтүүлөр катталган эмес», — деп айтылат комиссиянын отчетунда.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда 400дөн ашуун адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд деп бааланган.
Тема боюнча: