COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 730 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

20-июнда коронавирустун жаңы 730 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 701, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 29. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 312;

Ош шаарында — 100;

Чүй облусунда — 74;

Ош облусунда — 74;

Жалал-Абад облусунда — 68;

Ысык-Көл облусунда — 22;

Нарын облусунда — 2;

Талас облусунда — 13;

Баткен облусунда — 65.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 115 030га жетти.

Ал эми акыркы суткада 344 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 205, Чүй облусунда — 47, Ош шаарында — 21, Ош облусунда — 26, Талас облусу — 2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 16, Баткен облусунда — 15, Нарын облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 105 050 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 375 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 709 киши оор, 99 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 4 611 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 473.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Чүй жана Жалал-Абад облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 931 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 27 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 6, Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарында — экиден, Ош шаарында — 3, Ош облусунда — 7, Баткен облусунда — беш медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 085ге жетти, анын ичинен 4 747 медкызматкер илдеттен айыкты.