Жалал-Абадда мал кайтарып жатып дарыяга чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды

Бала агып кеткен дарыя. Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мал айдап баратып аты менен кошо Түрдүк дарыясына бир ай мурда чөгүп кеткен 11 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу 23-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар баланын сөөгүн сууга түшкөн жеринен 4-5 километр төмөн жактан табышкан. Анын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Өспүрүм 24-май күнү Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жаткан. Ал Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөгө жеткенде аты үркүп кетип, экөө тең дарыяга түшүп кеткен.

Бул жылы жаз-жай мезгили башталгандар бери онго жакын өспүрүм жана жаш бала сууга чөгүп каза болду. Жалал-Абад облусунун өзүндө эле 1-июнда 17 жашар өспүрүм Кемпир-Абад каналына чөгүп кеткен.

Ал эми 17-майда Сузак районунда 6 жашар бала мал айдап баратып Канжыга дарыясына агып кетип каза болгон.

ӨКМ жарандарга сууга түшүүдө этият болууну жана ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоону эскертет.