Сузак: 17 жаштагы өспүрүм Кемпир-Абад каналына агып кетип каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 1-июнда 17 жашар өспүрүм Кемпир-Абад каналына агып кетип каза болду.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык аталган райондун Барпы айыл аймагында орун алган. Өспүрүм Кемпир-Абад каналында жуунуп жатып сууга агып кеткен.

Куткаруу иштерине министрликтен жана тургундардан болуп жалпы 68 адам тартылган. Анткен менен саат 17:30 чамасында өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Үстүбүздөгү жылдын 24-майында аталган облустун Аксы районунда 11 жаштагы өспүрүм мал кайтарып жатып аты менен кошо дарыяга түшүп кеткен. Ал эми 17-майда Сузак районунда 6 жаштагы бала мал айдап баратып Канжыга дарыясына агып кетип каза болгон.

ӨКМ жарандарга сууга түшүүдө этият болууну жана ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоону эскертет.