Сузак: Мал кайтарып жүргөн 6 жашар бала дарыяга агып каза болду

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абаддын Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Канжыга дарыясына алты жашар бала агып каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ал 17-майда мал кайтарып жүрүп аталган дарыяга түшүп кеткен.

«Баланын сөөгүн издөө иштерине ӨКМден 13 куткаруучу тартылган. Сөөгү кечки саат 17:00дө туугандарына өткөрүлүп берилди», — деп билдирди ӨКМден.

Буга чейин 11-майда Ош облусунун Өзгөн районунда тоодо кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кеткен. Ал эсин жоготкон абалда жергиликтүүлөр тарабынан табылып, ооруканага жеткенде көз жумган.

Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Алай районундагы Терек айылында 14 жаштагы бала мал караганы кеткен боюнча кайтып келген эмес, анын сөөгү бир аптадан кийин кар көчкүнүн алдынан табылган.