Баткен: Төрт-Гүл суу сактагычына аккан каналда казуу иштери эмнеге жүргүзүлгөн?

Бир апта мурда Баткен облусунун Миң-Булак айылынын тургундары жергиликтүү бийликти Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдан «Тажикстанга суу берип жатасыңар» деп айыпташкан. Алар соцтармактарга каналдын жанында казуу иштеринин жүрүшүндө тартылган тасманы да жарыялашкан.

Баткен облустук башкы суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Мамашарип Бердалиев «Клоопко» аталган аймактан Тажикстанга 1991-жылкы келишимдин негизинде суу берилерин тастыктады. Анын айтымында, аталган жердеги суу түтүктөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жабыркагандыктан оңдоо керек болгон.

«Пикет деп суу берүүчү жайды айтат. Чыр-чатак болгондо кыргыздын жарандары түшүнүп-түшүнбөй эле каналдын 129-пикетинин ичин бетондоп таштаган. Ал жердеги түтүктүн узундугу бир чакырым. Муну бир тартиби жок адам түшүнүп кылганбы, түшүнбөй кылганбы, бетонду түтүктүн ичине айдап жиберген да, бетон барып туруп түтүктүн ичине тыгылып калган», — деди Бердалиев.

Тажик тарапка аталган жерден сугат суу берилбей калгандыктан, коңшу өлкө «эки өлкөнүн ортосундагы келишимди буздуңар» деп нааразы болушкан. Жыйынтыгында тажик тарап да «Орто-Сай, Паскы-Арык жана Достук айылдарына сугат сууну берүүнү токтотуп коюшту» деп белгиледи Бердалиев.

«Аталган айылдарга сугат суу Жыйноо жана Кайырма каналдары аркылуу келет. Каналдар Тажкистандын аймагында жайгашкан жана алардын башкаруусунда турат», — деди ал.

Бердалиевдин айтымында, казуу иштери мыйзамдуу болгон жана ал тууралуу Баткен облусунун башчысы жана укук коргоо органдарынын да кабары болгон.

«Бүгүн губернатор барыптыр. Тажикстандыктар үч айылга суу берүүнү дагы токтотуп койгондуктан “чара көргүлө” деди. Мен “Тажикстанга кеткен суулардын бардыгын токтоткула” деп буйрук бердим. Тажикстандыктар түштөн кийин сүйлөшүүлөргө келип жатышат. Алар “сууну эл тосту” деп айтыптыр. Биз 129-пикет эмес тажик тарапка берилген бардык тогуз жердеги сууну жабабыз. Алардын Дам деген каналы бар, аны да жабабыз деп жаптырдым», — деп түшүндүрдү Бердалиев.

1991-жылы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосунда Ак-Суу дарыясындагы сууну бөлүштүрүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык ар жылы 1-октябрдан 1-апрелге чейин Ак-Суу дарыясындагы сууну кыргыз тарап пайдаланып, Төрт-Гүл суу сактагычына суу куюулат. Андан соң эки ай Тажикстан жана Өзбекстан пайдаланат. 1-июндан тарта 4 ай сууну үч мамлекет тең пайдаланат.

Тема боюнча:

Баткен: Төрткүл суу сактагычына аккан каналдын казылышы элди сарсанаа кылды