Кыргызстанда жол кырсыктарын эсепке алуучу онлайн-сервис ишке киргизилди

«Сорос Кыргызстан» фонду жол кырсыктарын эсепке алуучу долбоор бүткүл өлкө боюнча иштеп баштаганын билдирди. Долбоор ИИМ жана «Санарип долбоор» компаниясынын колдоосу жана фонддун жардамы менен иштелип чыккан.

Жол кырсыктары жөнүндө маалымат 102.kg сайтында онлайн-режимде жеткиликтүү жарыяланып турат. Фонддун өкүлдөрү долбоор пилоттук режимде иштеп баштаганын белгилешти.

«Ошондуктан эски жана жаңы маалыматтар дагы деле системага жүктөлүп жатат. 2021-жылдын 1-январынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 2 380 жаң жол кырсыгы катталып, 3 480 адам жабыркаган. Дал ушул мезгил аралыгындагы окуялардын маалыматтары так жана окуя болгон жерди даана көрсөтөт», — деп билдиришти фонддон.

Жол кырсыктарын катточу 102.kg сайтынын скриншоту

Портал кырсыктардын качан болгонун билиш үчүн, бир жумадан бир жылга чейинки убакытты тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Ошондой эле картадан жана статистикадан ар бир областта канча окуя болгонун карап чыкса болот. Картадан кайсыл бир областты тандап басканда, оң тараптагы терезеге ошол аймактын райондорундагы маалымат чыгат», — деп айтылат билдирүүдө.

Фонд аталган долбоор мамлекеттик органдардагы коррупцияны азайтууга, ошондой эле жарандардын ведомстволордун ишинин натыйжалуулугун мониторинг кылууга аралаштырууга багытталганын белгилеген.

Учурда Жол кыймылыгынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине система менен иштөө үйрөтүлүп жатат. Кийинки кадам — жол кырсыктар тууралуу маалыматты системага күн сайын киргизүү.

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын көп катталышы биринчи жолу талкууланып жаткан жок. Көйгөйгө өз кезегинде президент Садыр Жапаров да көңүл буруп, ИИМге жол кырсыктарды алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырган.

Жапаров «акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганын» белгилеген. Анын айтымында, ИИМ жайкы туристтик сезон башталаары менен транспорттук агым эселеп көбөйөрүн эске алып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышы керек.

Июнь айынын башында президенттик аппараттын басма сөз кызматы Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири аварияга учураганын билдирген. Жол кырсыгы 4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы унаа жолунда болгон. Маалыматка ылайык, мас абалдагы айдоочу жолдун каршы тилкесине чыгып, мамкүзөттүн унаасын сүзгөн.

Аталган жол кырсыгында Садыр Жапаровдун дарыгери каза таап, дагы үч адам жабыркаган.