Алдамчылык. Асылбек Жээнбековдун адвокаты үй камагына чыкты

Камактагы депутат Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов 24-июнда өзүнө карата кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Азаттыкка» курган маегинде Касымов кайрадан жандандырылган иш «Алдамчылык» беренесине байланыштуу экенин айтып берди. Ошондой эле, Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата 28-августка чейин үй камагына алуу чечимин чыгарганын кабарлады.

Буга чейин кыскартылган иш

Адвокаттын айтымында, ага карата кайра жандандырылган иш бир жарым жыл мурда кыскартылган.

«2019-жылы биз кылмыштуу топтордун биринин бетин ачканбыз, алар менин аракеттеримди токтотуу үчүн коргонууга өтүшкөн. Ал үчүн финполдун мурдагы кызматкери Каныбек Туратов экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир материалдык мүнөздөгү байланышыбыз болгон деген билдирүү жазган», — дейт Касымов.

Андан соң, Касымов түшүндүргөндөй, укук коргоо органдары Туратовдун арызын текшерип, чындыкка дал келбесин аныкташкан.

«Кылмыштын белгилери жок болгондуктан, мага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган», — деди адвокат ишти кайрадан жандандырууга болбостугун кошумчап.

Материал жарык көрөөр алдында Бишкектин Биринчи май райондук соту «Клооптун» журналистине Касымовдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат берген жок.

Жээнбековдун иши

Давран Касымов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун адвокаты. Асылбек Жээнбеков «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип кармалган. Соттун чечимине ылайык, саясатчы 31-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот.

Асылбек Жээнбеков өзү кармалганын саясий куугунтук жана өч алуу деп эсептейт. 22-июнда парламентте 81 депутат Бишкек шаардык сотуна кайрылып, кесиптеши Асылбек Жээнбековду УКМКнын ТИЗОсунан үй камагына чыгарууну суранышкан. Бирок алардын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Жээнбековдон сырткары «Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутат Төрөбай Зулпукаров, андан тышкары, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Алардын баары эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.