Асылбек Жээнбеков кармалганын саясий куугунтук деп эсептейт — адвокат

Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов депутат кармалганын саясий куугундук деп эсептеп жатканын билдирди. Анын айтымында, Жээнбеков эмне үчүн кармалганын түшүнбөй жатат жана өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

«Жээнбеков убагында алар [депутаттар] “Центерра Голдду” туура жолго коюш үчүн бардык аракетин көрүшкөнүн айтууда. 1992-жылдан 2009-жылга дейре бардык токтомдордо алардын шарты эң мыкты болгон. Жээнбеков эмне үчүн кармалганын түшүнбөй жатат, себеби ал Кыргызстан үчүн мыкты шарттарды түзүүгө аракет кылган», — деди адвокат.

Видео: Kaktus.Media

31-майда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков Кумтөр кени боюнча УКМКга суракка чакырылган. Аны менен бирге парламент депутаты Төрөбай Зулпукаров дагы сурак берген.

Ошол эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райсоту аларды УКМКнын ТИЗОсуна эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Депутаттар «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат.

Сот чечими чыккандан кийин түндө Жээнбеков менен Зулпукаровду колдоо митинги өткөн. 100гө жакын адам сот имаратынын алдына чогулуп, кармалган эл өкүлдөрүн бошотууну талап кылышкан.

Депутаттын экөөсү тең парламентке КСДПдан келишкен, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин спикери болгон.

«Кумтөр» боюнча кармоо

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт негизги кылмыш иши бар экенин маалымдаган. Алардын бири — экологиялык маселелер боюнча алтын казуучу ишкананын башчыларына тиешелүү, ал эми калган үчөө коррупция фактысы боюнча бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү.

Ушунун негизинде 31-май күнү экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кармалды.

Ошентсе да саясатчынын жактоочусу Амантур Абдырахманов Бабанов «Кумтөр» боюнча эч кандай мыйзам бузбаганын маалымдады. Анын айтымында, экс-премьер протоколдо кандай себептер менен айыпталып жаткандыгын түшүнбөй жатат, УКМКнын кызматкерлери эч нерсе түшүндүргөн эмес.

Мындан сырткары, УКМК «Кумтөр» ишиндеги коррупция фактысы менен дагы эки экс-депутатты, Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаевди кармаган.

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев УКМКга чакырылган, ага чейин мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев да кармалган болчу.