Темирлан Султанбеков Акылбек Жапаровдун үстүнөн УКМК жана Башкы прокуратурага арызданды

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровдун атына, УКМКга, Башкы прокуратурага жана ИИМге экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун үстүнөн арызданды. Бул тууралуу Султанбеков фейсбук барагына жазды.

Ал финполдун башчысынын орун басары* Мирлан Жалгасынов 2020-жылдын 10-декабрында чиновниктин аялы Анара Жапарова салык төлөөдөн качуу ишинин алкагында 28 млн сом төккөнүн айтып бергенин белгилеген.

Финполдун маалыматына караганда, бул иш боюнча Жапарованын бизнеси жалпысынан мамлекетке 90 млн сом зыян келтирген.

*Азыр ведомство жоюлуп кеткен.

Ал кезде финполду жетектеп турган Сыймык Жапыкеев Жапарованын фирмалары 1 млн долларга чейин зыян тийгизгенин, анын ичинен болгону 200 миң долларга жакын сумма калыбына келтирилгенин айткан болчу.

«Маалымат берип койсоңуздар, бүгүнкү күндө 90 млн сомдон дагы деле болгону 28 млн сом төлөнгөнбү? [...] Ошондой эле, тергөө учурунда Анара Жапарова менен жолдошу Акылбек Жапаровдун биргелешип иш кылганы далилденгенби? Андай болушу толук мүмкүн, анда эмне себептен Жазык кодексинин 231-беренесине ылайык Акылбек Жапаров мыйзам талабын аткарып, мамлекеттик жана саясий кызматтарды аркалоодон бир нече жылга четтетилген эмес?», — деп жазган ал арызында.

Акылбек Жапаровдун аялы

2020-жылы 30-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан (финпол) «МИС» (Машина сыноо станциясы) ачык акционердик коому өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга шектелип жатканын билдиришкен. Бул компания Акылбек Жапаровго, тагыраак айтканда анын аялына тиешелүү экени айтылган.

Финполдон «МИС» компаниясына эки юридикалык жактар — E. C. L. оффшордук компаниясы жана Ж.А.Б аттуу кайсыл бир аткаминердин аялы ээлик кылары айтылган.

Айрым ЖМКлар кеп EURASIA CAPITAL LIMITED компаниясы менен Жапарова Анара Барыктабасовна – депутат Акылбек Жапаровдун аялы тууралуу болуп жатканын жазышкан. 2017-жылы УКМК Жапаровдун аялы «МИС» компаниясынын акцияларына ээлик кыларын айткан.

*Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка таянсак, Анара Жапарова «АЙС МАКС», «Тридас», «ДАМАС-ФАРМ», «Дамас Ала-Тоо», «Алма Агро» жана «Тридас Милк» комапнияларынын жетекчиси. «Дамас Ала-Тоого» Жапаровадан тышкары дагы бир адам ээлик кылат — бул «Глобалико Холдингс» фирмасы, соода-өнөр-жай палатасында «Дамас» отели катары катталган.

«Глобалико Холдингстин» башчысы катары Улан Абыкеев көрсөтүлгөн. Абыкеев «Ala-Too impex» компаниясын дагы башкарат. Анын ээси — EURASIA CAPITAL LIMITED.

Минюсттун реестринде «МИС» ААК аталышындагы бир гана компания бар — Кант шаарында жайгашкан «Машину сыноочу станция». Документтерде жетекчи деп Татьяна Симагина көрсөтүлгөн. Бирок юстиция министрлигинин ачык маалымат булактарында компаниянын акционерлери тууралуу маалымат жок.

Ведомство компания Ысык-Ата району боюнча өндүрүш, коммерциялык жана айыл чарба багытындагы 30га чукул кыймылсыз мүлк объектилерине ээлик кылаарын белгилейт.

Ошол эле учурда Жапарова камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка социалдык төлөмдөрдү аткарбай келген, ал эми соңку бир нече жылда ири жүгүртүмү бар экенине карабай «нөлдүк отчётторду» берип турган.

*«МИС» ачык акционердик коому имараттарын университет, жеке мектеп, дүкөн, дарыкана, жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жай, өндүрүш цехи, тазалоочу цех жана башка коммерциялык багыттагы объектилерге ижарага берет»,— деп билдиришкен финполдон.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган компания 2009-жылы Каржы министрлигине караштуу экономика өнүктүрүү фондунан «айрым бир жогорку кызмат адамдарынын жардамы менен» үрөн тазалоочу жана кант кызылчасынын үрөн алуучу түрүн өстүрүүчү заводду реконструкциялоо үчүн 200 миллион сомдук бюджеттик ссуда алганын аныктаган. Насыяны 2012-жылы төгүп бериши керек болчу.

Кийинчерээк «МИС» каражаттарды кайтаруу мөөнөтүн эки жолу, пайыздарды жана санкцияларды жокко чыгаруу менен 2025-жылга чейин узарткан.

200 млн сомду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш ишин ошол кезде Башкы прокурор болуп турган Индира Жолдубаева козгогон.