«Мыйзамсыз баюуга» шектелген депутат Абжалиев казынага 20 млн сом төктү

Алиярбек Абжалиев

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, депутат Алиярбек Абжалиев мамлекеттик бюджетке 20 млн сом которду. Бул тууралуу «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Назгүл Кыдыралиева билдирди.

ЖМКлар депутат 27-июнда кыргыз-казак чек арасы аркылуу өлкөгө кайтып, УКМКга сурак берип чыкканын кабарлашты. Бирок УКМК бул маалыматты тастыктаган жок. Ошондой эле мекемеден Абжалиев «кармалды» деген маалымат чындыкка дал келбейт дешти.

1-мартта Абжалиев «Мыйзамсыз баюуга» шектелип жатканы белгилүү болгон. УКМКнын маалыматына ылайык, Абжалиев экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон туугандык катышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү менен жеке жактардын кызыкчылыгын коргогон.

*Депутаттын уулу Атабек Абжалиев экс-президенттин кызы Бактыгүл Шариповага баш кошкон.

Атайын кызмат депутатка таандык 20дан ашуун батир, вип-шаарчалардан бир нече үйлөр, пансионат жана жер тилкелер, ошондой эле, Түркия жана Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлктөр бар болгону аныкталганын билдирген. Абжалиев бул айыптоолорду четке кагып, көп өтпөй Түркияга чыгып кеткен.

Абжалиевдин мүлктөрүнө байланыштуу иликтөөлөр

«Фактчек» жана «Кактус» басылмалары 2020-жылдын апрель айында Алиярбек Абжалиевге тийиштүү компаниялар жана анын мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, Абжалиевдин өзүнө бир гана унаа катталганы белгилүү болгон.

Анткен менен Абжалиевдин мурдагы жубайы Гүлсара Сулайманова жана уулу Темирлан Токобековго 30 компания катталганы ашкереленген. Компаниялардын көпчүлүгү курулуш, туристтик жана тоо-кен өнөр жайы менен алектенишет.

Ал эми бул жылдын 11-февралында «ПолитКлиника» басылмасы «Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши» аталыштагы иликтөөнү жарыялаган. Анда Абжалиевдин мурдагы аялы Гүлсара Сулайманова туугандары аркылуу «Кайыңды кабель заводунун» өзүнө тийиштүү компанияга өткөрүп алганы айтылган.

Иликтөөчүлөр заводдун мүлктөрү жаңы кожоюндарга берилгенден кийин 24,79% акциясы бар мамлекет бир тыйын дагы албай калганын, ал эми бул иштер атайын кызматтардын операциясынын фонунда өткөнүн белгилешкен.

«ПолитКлиниканын» маалыматына караганда, заводдун өндүрүш мүлктөрү 2018-жылы май-август айларынын аралыгында Сулайманованын туугандары — бир тууган иниси Кушбак Сулайманов жана күйөө баласы Айбек Турдубаев аркылуу — «Металл-Кен» ЖЧКсына өтүп кеткен.

Журналисттер алар заводдун акционерлеринин арасына кирип, көзөмөл акция пакетине ээ болгонун жана акционерлердин жыйналышын демилгелегенин аныкташкан. Иликтөөнүн маалыматына таянсак, дал ушул жыйналышта заводдун мүлкүн карыздан кутулуу үчүн «Металл-Кенге» өткөрүп берүү чечими кабыл алынган.

Бирок компания эң маанилүү мүлккө — ишкананын негизги имаратына ээ боло албай калган. Имарат «Таргет Компани» кыргыз компаниясынын колдонуусунда болгон. Ушул жерден, журналисттердин айтымында, ишке УКМК аралашкан.

Иликтөөчүлөр 2018-жылдын май айында күч түзүмдөрү «НДСти кайтаруу боюнча кылмыш ишине байланыштуу» «Таргет Компанинин» ээлерин жана башкы имаратты камакка алганын жазат.

«ПолитКлиниканын» маалыматына ылайык, ошол эле жылдын май айында Абжалиевдин мурунку жубайы жана атайын кызматтарга байланыштуу дагы башка окуя орун алган. Ошол кезде Гүлсара Сулайманова жана Айбек Турдубаев ээлик кылган «Аскарэнерго» компаниясы УКМКга тийиштүү болгон жерге офис курган жана Бишкектин Батыш тарабындагы УКМК коттедждерине электр энергиясын жеткире баштаган. Ушул эле компания кийинчерээк Кайыңды кабель заводуна дагы электр энергиясын жеткире баштайт. УКМК бул маалыматты четке каккан.