«20дан ашуун батир». Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев «мыйзамсыз баюуга» шектелип жатат

Жогорку Кеңештин депутаты жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 1-мартта билдирди.

*Депутаттын уулу Атабек Абжалиев экс-президенттин кызы Бактыгүл Шарипованын күйөөсү.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Абжалиев экс-президент менен болгон туугандык катышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү менен жеке жактардын кызыкчылыгын коргогон. Мындан сырткары, Абжалиев мамлекеттик кызматта иштеп, өзүнүн расмий кирешесине дал келбеген мүлктөргө ээ болгону аныкталган.

«20дан ашуун кымбат баалуу батир, Бишкектеги вип-шаарчалардан үйлөр, Ысык-Көл облусундагы пансионат, Чүй жана Ысык-көл облустарында жер тилкелер, ошондой эле Түркия жана Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлктөр аныкталды», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Абжалиев ири суммадагы каражаттарды Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттарды салган курулуш компанияларына жана башка коммерциялык объектилерге сарптаганы аныкталды — алардын ичинде Кайыңды шаарындагы кабель чыгарган завод, көмүр жана алтын кендери бар.

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында депутаттын башка дагы көмүскө мүлкүн аныктоону улантып жатат.

Ал эми эл өкүлү УКМК койгон айыптарды четке какты. Абжалиев 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебегенин жана Жээнбеков менен куда болгонун пайдаланбаганын «Азаттыкка» билдирди.

*Анткен менен Абжалиевдин биографиясында ал 2008-2012-жылдары монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болгону көрсөтүлгөн.

«Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар дагы калп», — деди Абжалиев.

Абжалиевдин мүлктөрүнө байланыштуу иликтөөлөр

«Фактчек» жана «Кактус» басылмалары 2020-жылдын апрель айында Алиярбек Абжалиевге тийиштүү компаниялар жана анын мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, Абжалиевдин өзүнө бир гана унаа катталганы белгилүү болгон.

Анткен менен Абжалиевдин мурдагы жубайы Гүлсара Сулайманова жана уулу Темирлан Токобековго 30 компания катталганы ашкереленген. Компаниялардын көпчүлүгү курулуш, туристтик жана тоо-кен өнөр жайы менен алектенишет.

Ал эми бул жылдын 11-февралында «ПолитКлиника» басылмасы «Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши» аталыштагы иликтөөнү жарыялаган. Анда Абжалиевдин мурдагы аялы Гүлсара Сулайманова туугандары аркылуу «Кайыңды кабель заводунун» өзүнө тийиштүү компанияга өткөрүп алганы айтылган.

Иликтөөчүлөр заводдун мүлктөрү жаңы кожоюндарга берилгенден кийин 24,79% акциясы бар мамлекет бир тыйын дагы албай калганын, ал эми бул иштер атайын кызматтардын операциясынын фонунда өткөнүн белгилешкен.

«ПолитКлиниканын» маалыматына караганда, заводдун өндүрүш мүлктөрү 2018-жылы май-август айларынын аралыгында Сулайманованын туугандары — бир тууган иниси Кушбак Сулайманов жана күйөө баласы Айбек Турдубаев аркылуу — «Металл-Кен» ЖЧКсына өтүп кеткен.

Журналисттер алар заводдун акционерлеринин арасына кирип, көзөмөл акция пакетине ээ болгонун жана акционерлердин жыйналышын демилгелегенин аныкташкан. Иликтөөнүн маалыматына таянсак, дал ушул жыйналышта заводдун мүлкүн карыздан кутулуу үчүн «Металл-Кенге» өткөрүп берүү чечими кабыл алынган.

Бирок компания эң маанилүү мүлккө — ишкананын негизги имаратына ээ боло албай калган. Имарат «Таргет Компани» кыргыз компаниясынын колдонуусунда болгон. Ушул жерден, журналисттердин айтымында, ишке УКМК аралашкан.

Иликтөөчүлөр 2018-жылдын май айында күч түзүмдөрү «НДСти кайтаруу боюнча кылмыш ишине байланыштуу» «Таргет Компанинин» ээлерин жана башкы имаратты камакка алганын жазат.

«ПолитКлиниканын» маалыматына ылайык, ошол эле жылдын май айында Абжалиевдин мурунку жубайы жана атайын кызматтарга байланыштуу дагы башка окуя орун алган. Ошол кезде Гүлсара Сулайманова жана Айбек Турдубаев ээлик кылган «Аскарэнерго» компаниясы УКМКга тийиштүү болгон жерге офис курган жана Бишкектин Батыш тарабындагы УКМК коттедждерине электр энергиясын жеткире баштаган. Ушул эле компания кийинчерээк Кайыңды кабель заводуна дагы электр энергиясын жеткире баштайт. УКМК бул маалыматты четке каккан.