Орхан Инанды жана депутаттар. Коллаж: Kloop

«Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү, кыргыз жараны Орхан Инанды Түркиянын атайын чалгындоо уюму тарабынан уурдалганы белгилүү болгондон кийин Жогорку Кеңештин депутаттары пикирлерин билдиришти. «Клооп» алардын ойлорун бир жерге топтоду.

Эл өкүлү Дастан Бекешев «Инандыны уурдоо боюнча операция [Кыргызстандын] биздин атайын кызмат менен макулдашылган» деген пикирде.


«Эгер макулдашпаса операция ишке ашпай деле калышы мүмкүн эле, а бул Түркия үчүн уят иш болмок. Андыктан мен бул жерде баары макулдашылган деп ойлойм [...] Кыскасы биз өз жараныбызды бир койдой эле бирөөгө берип койгон деңгээлге келип калганыбыз өкүндүрөт», — деди ал.


Депутат Наталья Никитенко фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти сынга алып, «Кыргызстандын коопсуздук органдары өздөрүн толугу менен дискредитациялашты» деп билдирди. Ошондой эле депутат бул окуя объективдүү иликтенип, баа берилиши керек деп кошумчалады.


«Бийлик коргой албаса, айыктыра албаса, бага албаса [...] Өткөн жылдын октябрь айынан бери бийлик жоопкерчилик бир эле адамда болушу керектигин айтып келген. Бул үчүн бийликтин системасы урады, кан төгүлдү, Конституция алмашты. Кана эми ошол жоопкерчилик? Азыр президенттин так-анык позициясы болуп көрбөгөндөй маанилүү», — деди ал.


Парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев бул окуя менен «биздин беделибиз» тебеленди деп айтты. Бирок ал буга карабастан ТИМ аракетти көрүп, кандайдыр бир формалдуулуктарды ишке ашырышы зарыл деп эсептейт.


«Кыргыз жаранын бийлик коргой албаса, бул чоң көйгөй. Эл аралык аброюна доо кетет, инвесторлор ишенбейт, өзүнүн жарандарында тынчсыздануу болот. "Сапаттын" эле мектептеринде миңдеген улан-кыздарыбыз окуйт, алардын ата-энелери бар. Бүт жагынан алганда кыргыз мамлекети үчүн дагы, кыргыз бийлиги үчүн дагы чоң сокку болду», — деди Иманалиев.


Ал эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Абдывахап Нурбаев «Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтаруунун жолдорун издөө керек» дейт.


«Кыргызстандын эл аралык аброю, укуктук базасына шек келди. Жарандыкты бергенден кийин аны коргошубуз керек болчу. Менин оюмча эл аралык уюмдар, Европарламент реакция кылат. Эл аралык имиджибизди сактап калуу үчүн эң биринчи кадам артка кайтаруу үчүн жолдорун издешибиз керек. Мыйзамды тебелеп, тепсеп, эгемендүүлүгүбүзгө шек келтирип, башка өлкөнүн атайын кызматы алып кеткени уят, тарых алдындагы кара так болуп калды», — деди Нурбаев.


Депутат Жанар Акаев «Түркиянын атайын кызматтары бастырып кирип Инандынын колу-бутун кайрып алып кеткени кыргыз мамлекети үчүн абдан чоң көө жабат» деп билдирди. Ошондой эле ал «буга жол берген бийлик кийин сөзсүз жооп берерин» айтты.


«Макул кымбатчылык, экономика, күч органдарын, сотторду, адилетсиз иштеп жаткандарды реформалоо колуңардан келбесин. Бирок жок дегенде жарандардын коопсуздугун сактап бериши керек да бийлик. Же булар 5-6 саясатчыны, 4-5 бизнесменди камап ошолордон акча кустуруп койгонду чоң жумуш деп ойлошобу?! Демек, улам сын айткан саясатчыларды суракка чакырып, камайбыз деп коркутуп, мындайча айтканда үйдө баатыр жоодо жок деп коёт, өзүбүзгө эле кыйын экенсиңер да!» — деди ал.


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин түз эфирде жар салды.

Ал эми 6-июлда ТИМ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нааразычылык нотасын тапшырды. Ошондой эле аны Кыргызстанга кайтарууну талап кылды. Бирок учурда президент Садыр Жапаров да, УКМКнын, ИИМдин башчылары да бул маселе боюнча үн ката элек.