ТИМ Түркиянын элчисине нота тапшырып, кыргыз жаранын кайтарууну талап кылды

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды. Нота Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны кармап, Түркия жеткирүү боюнча операция жүргүзгөнүнө байланыштуу берилди.

«Кыргыз тарап түрк тарапты Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарууга жана ага эл аралык укуктук жоболор боюнча мамиле жасоого, зомбулук жана басынтууга жол берилбешин камсыз кылууга чакырды», — деп берилет ТИМдин маалыматында.

Анткен менен Ахмет Доган уурдалган Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин баса белгилеп, бир гана түркиялык деп таанылаарын билдирди. Ошондой эле ал түрк тарап Кыргызстандын аймагында жогорудагы операция ишке ашырганы тууралуу билдирүү жасабаганын белгиледи.

ТИМ Инандыны Кыргызстанга кайтарууга жана анын укуктарын кыргыз жараны катары коргоо үчүн бардык иш-аракеттерди жумшай турганын кошумчалады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин билдирген. Инандыны Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы атайын операциянын натыйжасында кармаган.

Эрдоган Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы менеджери» катары сыпаттаган. Анткен менен буга чейин Түркиянын башчысы президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Инандыны тааныбастыгын жана «ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбестигин айткан».

Орхан Инанды 31-майда дайынсыз жоголгон. «Сапаттын» кызматкерлери Инанды жоголгондон тарта аны түркиялык атайын кызмат уурдаганын божомолдошкон. Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча «Киши уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ошондой эле Инанды Интрепол аркылуу изделип баштаган.

Ал эми анын жубайы Рейхан Инанды ал Түркиянын элчилигинде күч менен кармалып турганын айткан. Бирок элчиликтен бул маалыматты төгүндөшкөн.

Ошол эле учурда түркиялык ЖМКлар «ФЕТОнун Орто Азиядагы имамы Орхан Инанды кармалды» деп жаза баштаган.

ИИМ Түркиянын элчилигинде тинтүү жүргүзүү үчүн ТИМге кат жиберген. Бирок тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Вена конвенциясына таянып, элчиликтердин имараттарында тинтүү жүргүзүүгө тыюу салынганын билдирген — ал үчүн Түркиянын бийлигинен уруксат алуу керек болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эрдоган аны тааныбайт экен». Жапаров Түркиядагы сапарында Орхан Инанды маселесин көтөрдү

Эрдоган Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап кетишкенин билдирди

АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу үн катты