Адвокат: Рейхан Инанды күйөөсүнүн сүрөттөрүн көргөндөн кийин өзүн начар сезип жатат

Орхан Инанды уурдалганга чейин/уурдалгандан кийин

Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган Орхан Инданынын жубайы Рейхан Инанды күйөөсүнүн уурдалгандан кийин арыктап, бир колу шишиген абалын көргөндөн кийин өзүн начар сезе баштады. Бул тууралуу Инандынын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунова фейсбуктан билдирди.

«Жоголгонуна бир ай болгон жолдошунун сүрөттөрдөгү айырмасын, анын көзүндөгү азапты көргөндөн кийин Рейхан Инандынын бүгүн аянтка митингге чыкканга мүмкүнчүлүгү болбоду. Айрыкча аны биздин “авторитеттүү” чиновниктерибиздин “ызы-чуу кылбагыла, ал эсен-аман үйүнө кайтып келет, убакыт керек” деп айткандары моралдык жактан жеп жатса керек. Инанды аларга ишенген болчу», — деп жазды Токтакунова.

Токтакунова кыйын күндөр алдыда экенин, Инандынын жубайы булардын баарына жөн карап отурбайт деп белгиледи.

Инандынын уурдалганынын ачыкталышы

5-июлдун түнүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир айдан бери изделип жаткан кыргыз жараны Орхан Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин түз эфирде жар салды.

«Акыры, Улуттук чалгындоо кызматы ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы менеджери Орхан Инанды биздин өлкөгө алып келди жана жоопко тартылат», — деди Эрдоган.

Эрдоган өз сөзүндө ФЕТОчуларга каршы күрөш уланаарын белгилеп, бул күрөш узака созулаарын айтты.

Эрдоган сүйлөп жатканда Инандынын сүрөтү да көрсөтүлдү — анда кыргыз жараны бир ай ичинде арып-азып, сакалдары өсүп, бир колу шишигендей болуп, абалы начарлап кеткени байкалат.

Президент Садыр Жапаров 9-11-июнд Түркияга иш сапары менен барган. Анда ал Эрдогандан дайынсыз жоголгон Орхан Инанды тууралуу маалыматы бар-жогун сураган. Жапаровдун басма сөз кызматы Эрдоган бул суроого аны тааныбастыгын, «ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбестигин айтып жооп берген» деп билдирген.

Инандынын жоголушу жана аны издөө

Орхан Инанды Түркияда туулган, бирок 1995-жылы Кыргызстанга келип 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Ал «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири. Инанды 2021-жылдын 31-майынан бери дайынсыз болууда.

1-июнда Бишкек шаардык милиция Инандыны издөө иштерин баштап, аймактарга багыттама жөнөткөн. Ошондой эле укук коргоо органдары «Киши уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү башталган. ИИМ аталган иш ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал укук коргоо органдарына анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тийиштүү издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Соцтармактардын колдонуучулары 1-июнда «Манас» эл аралык аэропортуна чынында эле түрк учагы конгонун жазышып, ал Инандыны алып кетүү үчүн Түркиядан келген деп божомолдошкон. Анткен менен аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул маалыматты төгүндөп, аталган учак 1-апрелден бери Кыргызстандын аймагында болгонун жана өлкө аймагынан чыкпаганын билдирген.

Ошондой эле Курбанова бул учакты «Эти Бакыр Терексай» алтын казуучу компанияны тейлей турганын кошумчалаган.

Көп өтпөй Инандынын аялы Рейхан Инанды видеокайрылуу жасап, жолдошу Түркия элчилигинин имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин айткан. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Рейхан Инандынын сөздөрүн четке каккан.

8-июнда ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инанды Интерпол аркылуу изделип жатканын билдирген.

Ал арада Бишкекте Орхан Инанды жоголгондон тартып ондогон митингдер өткөн. 5-июлда Инандынын жубайы Рейхан Инанды Ак үйдүн алдына жалгыз пикетке чыкан. Анда ал бийлике өкүлдөрүнө «Орхан Инанды кайда?» жана «Орхан Инанды табылабы?» деген суроо берген болчу.

Эрдоган жана «Гүлендин кыймылы»

Диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык «Гүлендин кыймылы» же «Хизмет» уюмуна караштуу делген «Себат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 1992-жылдан тарта жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө уюмга өлкө боюнча 16 лицей, Эл аралык «Ала-Тоо» университети, Эл аралык «Силк Роад» мектеби жана 4 толук эмес жалпы билим берүү мектеби таандык.

Аталган билим берүү мекемесине таандык окуу жайларда өлкө боюнча 10 миңден ашуун окуучу жана студент билим алышууда. Жалпысынан дүйнөнүн 150дөй өлкөсүндө Гүленге таандык делген 1 400 мектеп бар болгону маалымдалат.

2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Себат» мекемесин «Сапатка» алмаштырып, негиздөөчүлөрдүн катарына Билим берүү жана илим министрлигин коштурган.

«Сапаттын» директору Нурлан Кудайбердиев алар Гүлен менен «формалдуу эмес» мамиледе болгонун жана диний ишмердин эсебинен каржыланбай калышканын айткан.

Гүлен Түркиядан АКШга 1999-жылы дарыланууга чыгып кетип, ошол боюнча мекенине кайткан эмес — буга мурдагы өнөктөшү, учурдагы Түркиянын президенти Режеп Эрдоган менен пикир келишпестиги себеп болгон.

Эрдоган жана Гүлендин ортосундагы кастык 2016-жылы күчөгөн. Ал жылы 16-июнга караган түнү Түркиянын Анкара шаарында аскерлердин тобу «мамлекеттик төңкөрүштү» уюштурууга аракеттенген. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Кийинчерээк Эрдоган бул төңкөрүштө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айыптап, миңдеген кишилер кармалган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке каккан. Түрк бийлиги бул окуялардан кийин дүйнө боюнча Гүленге таандык делген мектептерди жабууну жана ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү сурана баштаган.

Мисалы, 2019-жылы Түркия «Сапаттын» мугалимдери Синан Йылмаз жана Санжар Абдулхакимди, ошондой эле Орхан Инандыны аларга өткөрүп берүүнү суранышкан. Башкы прокуратурасы бул өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырып, Йылмаз жана Абдулхакимди Түркияга өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алган. Алар УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген болчу.

Ал эми Инанды 2012-жылы кыргыз жарандыгын алгандыгы үчүн ал Түркияга берилген эмес.

Йылмаз жана Абдулхакимдин жактоочулары алар Кыргызстандан башпаанек сураганын билдиришкен. Мында улам 2019-жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту, кийинчерээк Бишкек шаардык соту прокуратуранын токтомун жокко чыгарган.

Ошол эле жылдары түрк бийлиги чет өлкөлөрдөн ФЕТОго катыштыгы бар делген кишилерди кармап, Түркияга жеткирүү аракетин көрүп баштаган. Биринчилерден болуп Монголиядагы «Гүлендин кыймылына» таандык лицейинин мугалими Вейсел Аксай уурдалган.

Белгисиз кишилер Аксайдын үйүнүн алдынан уурдашып, аны Улан-Батордогу «Чыңгыз-Хан» аэропортуна конгон түркиялык учакка отургузууну көздөшкөн. Бирок Монголиянын бийлиги буга жол бербей, Аксай бошотулган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 31-майында Түркиянын Улуттук чалгын кызматы Фетхуллах Гүлендин жээни Селахиддин Гүленди кармап, Түркияга жеткирген. Маалыматка ылайык, Гүлен Кениядагы атайын операциянын натыйжасында кармалган.

Тема боюнча:

«Орхан Инанды табылабы?» деген суроо менен Рейхан Инанды акцияга чыкты

«Эрдоган аны тааныбайт экен». Жапаров Түркиядагы сапарында Орхан Инанды маселесин көтөрдү

Human Rights Watch кыргыз бийлигин Орхан Инандынын уурдалышын иликтөөгө чакырды