Чек ара кызматы Орхан Инанды өлкөдөн кандайча чыгарылып кеткенин азырынча билбейт

УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 7-июлда парламент жыйынында уурдалган Орхан Инанды өлкөдөн кандайча чыгарылып кеткени боюнча азырынча маалымат жоктугун билдирди.

Депутат Дастан Бекешевдин Инандыны Кыргызстандан жүргүнчү эмес, жүк катары чыгарып кетиши мүмкүнбү деген суроосуна Шаршеев ушундай жооп кайтарды.

Ошол эле учурда Шаршеев кызмат 1-июндан тартып өлкөгө конуп жана учуп чыгып кетип жаткан бардык учактарды дыкат текшергенин кошумчалады.

«[29-июнда] Кыргызстанга келген Түркиянын коргоо министринин дагы учагы текшерилген. Жүк боюнча эми Бажыга кайрылыш керек», — деди Чек ара кызматынын башчысы.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакциясын билдирип, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Укук коргоо кызматкерлери Инандыны издеп, ал эми «Сапаттын» кызматкерлери аны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп болжошкон. Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан.

Бул «Сапат» билим берүү мекемелери диний ишмер Фетхуллах Гүлендин Түркияда террористтик деп табылган *ФЕТО кыймылы менен тиешелүү делгенине байланыштуу болгон.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Түркия 2016-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган жазуучу Фетхуллах Гүлендин өзүн да террорист деп тапкан. Кийин түрк бийлиги дүйнө жүзүндө Гүленге байланыштуу мектептерди жаап, ФЕТОнун мүчөлөрүнүн экстрадицияланышын талап кыла баштаган. Гүлен өзү учурда АКШда жашайт.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирди.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылды. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды.

ТИМден белгилешкендей, түрк тараптын аракети Адам укуктарынын жалпы декларациясында бекитилген эл аралык укуктун ченемдери менен негизги принциптерин бузат. Ошондйо эле ведомстводон элчи Доган Инанды түрк жараны экенин, ал бир гана алардын жараны катары тааныларын айтканын билдирген.

«Ошол эле учурда, Түркия тарап аталган операцияны Кыргызстандын аймагында жүргүзгөнү тууралуу айтапаганын белгилди», — деп билдиришти Кыргызстандын ТИМинен.

Бирок тышкы саясий ведомстводон Инандынын кыргыз жараны катары укуктарынын корголушу боюнча бардык чаралар көрүлөөрүн баса белгилешти.

Кийин президент Садыр Жапаров дагы Инандыга байланышкан окуяга комментарий берген. Ал «Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын» убадалап, түрк тарапка бул боюнча маселе көтөрүлгөнүн билдирген.