Мал-жандыгы үчүн импорттолуп жаткан тоюттарды кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталды

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги ушул жылдын аягына чейин тоют импорттоочуларды кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштады.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде кыш учурунда кардын аз жаашы жана жаздын кеч келиши 2021-жылы жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин үзгүлтүккө учуратканы белгиленет. Мындан тышкары, жайдын кургакчыл болушу күтүлүп жаткандыгы да айыл чарба өндүрүшүнө терс таасирин тийгизет.

Мындан улам, «ички азык-түлүк рыногундагы терс кесепеттердин алдын алуу максатында» айыл чарба министрлиги үстүбүздөгү жылдын 15-июлунан 31-декбарына чейин төмөнкү тоюттарды кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштайт:

  • саман;
  • кебек;
  • брюква;
  • жалбырактуу кызылча (мангольд);
  • тоют тамыр өсүмдүктөрү;
  • чөп, беде эспарцет;
  • тоют капустасы;
  • люпина, вика жана ушул сыяктуу тоют өсүмдүктөрү.

«Ошондуктан, калктын айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюттары) менен камсыз кылуу максатында, ошондой эле аларга баанын өсүшүн азайтуу маселесин чечүү үчүн КНСти жокко чыгаруу менен айыл чарба жаныбарлары үчүн тоюттун импорту боюнча зарылдыгы келип чыкты», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Айыл чарба министрлиги КНСтин алынып салынышы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн кыскарышына алып келет, бирок азык-түлүк коопсуздугун жарым-жартылай камсыз кылат деп белгилейт.

Жылдын аягына чейин кошумча нарк салыгын төлөөдөн менчиктин формасына жана ташып кирүү максатына, чарба субьектисин КНС төлөөчү катары каттатканына карабай бардыгы бошотулат.

Токтом күчүнө кириши үчүн аны министрлер кабинети жактырышы керек.

Кыргызстандагы кургакчылык

Борбор Азияда аномалдык ысык башталгандан кийин Кыргызстан жана Казакстандын фермерлери суунун тартыштыгы менен кургакчылыкка данттанышкан. Кыргызстандын Чү й облусунун дыйкандарынын айтымында, июнь айынын башында эле 100 гектар айдоо аянтынын 6 миңге жакыны кургап калганын айтып чыгышкан.

«Бул маселе чечилбесе түшүмдүн 60% тек гана күйүп кетет. Маселе өтө курч. Адамдар бир күн кечке айтып бүтө алгыс көйгөйдү жазып жатышат. Айрым каналдарда суу андан ары кетиш үчүн 2-3 күнгө чейин сууну жаап коюшууда, бул аябай көп да», — деп айтып берген өлкөнүн Жүгөрүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкс басма сөз жыйында.

Бийликти кургакчылык маселесине көңүл бурдуртуу үчүн 14-июнда Чүй облусунун 300гө чукул дыйканы митингге чыккан. Алар бул чыгымдарга эле эмес, Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизээрин билдиришкен.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдылбай Жайлобаев «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Жайыл жана Панфилов райондорун суу менен камсыздоо үчүн Чүй облусунда түнкүсүн суу кампалары жабылаарын айтып берген.

Бирок бул анчейин пайдасын деле тийгизген эмес — айдоо талааларында эгиндин бир бөлүгү күйүп кеткен, канча зыян тийгени азырынча айтыла элек. Мындан тышкары, Панфилов району эгилген айыл чарба маданияттарынын жок дегенде бир бөлүгүн сактап калуу үчүн агын сууларын колдоно баштаган.

Чүй облусунда суу тартыштыгынан улам абал жакшырганга чейин ӨК режими киргизилген. ӨКМ дээрлик күн сайын өрт өчүрүүгө барып жатат — айдоо аянттары, кургак чөп, камыш жана айыл чарба аймактарындагы топтолгон тоют өсүмдүктөрү күйүп жатат.

Кыргызстандын түштүгүндө дагы суу тартыштыгы бар. Мындан улам, Ош облусунда тоют чөптөрүнө болгон баа өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн.