Ош шаардык кеңешине талапкер добуштарды сатып алууга шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош ШИИБи шаардык кеңешке аттанган партиялардын биринин талапкерин добуш сатып алууга шектеп кармады. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы 8-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 7-июлда кармалып Ош ШИИБинин тергөө кызматына алынып келинген. Ошондой эле шайлоочуларга берген акча каражаттары алынып, күбөлөр суралууда.

Буга чейин укук коргоо органдары Ош шаардык кеңешке шайлоодо добуштарды сатып алууга шектеп үч кишини кармаган. Шектүүлөрдүн жанынан 115 миң сом табылган. Алардын бири жергиликтүү кеңешке талапкер болгону аныкталды — ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кармалгандарды «И.Х.», «Р.Ш.» жана «Л.Б.» инициалдары менен белгилеген. Боршайкомдун шайлоого катышкан партиялардын тизмесинде «Л.Б.» инициалдарына Бахадир Латиханов туура келет — ал «Ынтымак» партиясынын тизмесинде 17чи болуп турат.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токтмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтөт. Ош шаардык кеңешке шайлоого тогуз партия катышууда.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.