Ошто добуш сатып алууга шектелип үч киши кармалды. Алардын жанынан 115 миң сом табылган

Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош шаарында 7-июлда үч киши добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 11:37 чамасында ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө шайлоочулардын добушун сатып алуу жүрүп жатканы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Аны териштирүү учурунда шаардын Он-Адыр аймагындагы Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен партиялардын биринин талапташтары болгон 41 жаштагы бир киши, 62 жаштагы эки адам кармалган.

41 жаштагы тургундун жанынан 115 миң сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан. Алар тергөөгө алып келинип, «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ош ШИИБи кармалган шектүүлөр кайсы партиянын тарапкерлери болгонун ачыктаган жок.

Боршайком Ош менен кошо Бишкек жана Токмок шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалып, ага 48,3 млн сом сарпталат деп пландалууда.

Ош шаардык кеңешине учурда «Ынтымак», «Улуу-Журт», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Биздин Кыргызстан», «Келечек-Будущее» жана «Нур» партиялары ат салышып жатат.