Ооганстандан Тажикстанга 347 этникалык кыргыз качып кирди — эки ымыркай чарчап калды

Памирдеги этникалык кыргыздар. Сүрөт: Элвира Султамурат кызы

«Талибан» экстремисттик кыймылы жараткан коркунучтан улам 13-14-июлдарда Ооганстандан 347 этникалык кыргыз Тажикстанга качып кирди. Чек араны кесип өтүүдө эки ымыркай чаркап калган. Ал Бул тууралуу «Ховар» басылмасы Тажикстандын УКМКсына таянып жазды.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган. «Талибан» кыймылынын аскерлери радикалдуу мүнөздөгү аракеттери менен эле эмес, башка дагы террористтик топторго, анын ичинде Кыргызстанда тыюу салынган «Аль-Каидага» тиешеси бар экени менен дагы белгилүү.

Качкындардын арасында 91 эркек, 77 аял жана 177 жаш бала болгон. Этникалык кыргыздар Ооганстандагы Бадахшан аймагынын Вахон уездине караштуу Андемин айылынан болушат.

Учурда алар Тажикстандын Мургаб районуна караштуу Кызыл-Работ жамаатынын Чоштепа жана Дуютук аймактарына жайгаштырылды. Ошондой эле Тажикстандын атайын кызматы качкындардын жанынан 3,5 килограмм баңгизат табылганын билдирди.

«Озоди» басылмасы талибдер Бадахшан аймагын басып алгандан кийин 4-5-июлдарда Ооганстандан Тажикстанга 1 037 киши качып киргенин кабарлаган. Алардын көпчүлүгү Тажикстандын Хорог аймагына жайгаштырылган.

2021-жылдын май айынан тарта НАТО аскерий-саясий уюмунун күчтөрү Ооганстандан чыгарылып баштагандан кийин өлкөдөгү кырдаал курчуп баштаган. НАТОнун аскерлери Ооганстандын өкмөтү менен бирге «Талибан» кыймылынын жоокерлерин токтотуп турган.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, «Талибан» кыймылы Ооганстандын ири шаарларынан сырткары өлкөнүн 50-70% аймагын ээлеп турат.

Ооганстандагы памирлик кыргыздар

2003-жылга карата Ооганстандын Памир өрөөндөрүндө 5 миңге чукул этникалык кыргыздар жашаган. Ал эми азыркы учурда памирлик кыргыздардын саны кескин азайып, 1,5 миңге тегерегинде гана калган.

Кыргыз бийлиги 2017-жылдан тарта памирликтерди Кыргызстанга көчүрүү аракеттерин көрө баштаган. Алгач Ооганстандан 48 этникалык кыргыз Нарын облусуна жеткирилген. Бийлик аларга билим берүү, дарылануу убада кылып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан болжолдуу жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес.

Алар тарыхый мекенинде жашоодон көңүлдөрү калып калганынын башкы себептери катары бийлик менен өз-ара түшүнбөстүктү, начар жашоо шарты менен сиңишип кетүүгө мүмкүн болбогондугун аташкан.

Ал эми Кыргызстанда калган памирликтердин көпчүлүгү Алай районундагы Сары-Могол жана Талды-Суу айылына көчүрүлүп, аларга өкмөт турак жай куруп берген. Ошондой эле Алай районунун акимчилиги памирликтердин үй-бүлөлөрүнө мал-жандыктарды берген.

Үстүбуздөгү жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров Кытай жана Ооганстандан келген 111 этникалык кыргызга жарандык берген.