Алайда памирлик кыргыздар үчүн жети турак жай курулду

Ош облусунун Алай районунда этникалык кыргыздарга арналган жети үйдүн курулушу толугу менен бүттү. Бул тууралуу аталган райондун акими Замирбек Молдокулов билдирди.

Бул турак үйлөргө Нарындагы жана Кара-Балта шаарындагы 35 памирлик көчүрүлөт — алар 28-октябрда жолго чыгышат.

«Нарындан 27, Кара-Балтадан 8 адамдын келиши күтүлүүдө. Алардын 14ү жаш балдар», — деди Молдокулов.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын май айында Алай районунун Талды-Суу айылына Нарында жашап жаткан этникалык кыргыздар үчүн жети турак жай курууга казынадан 10 млн сом бөлүнгөн. Үйлөр долбоор боюнча төрт бөлмөдөн тураары айтылган.

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.