Кытай жана Ооганстандан келген 111 этникалык кыргыз жарандык алды

Президент Садыр Жапаров Кытай жана Ооганстандан келген этникалык кыргыздарды жарандыкка кабыл алуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жарлыкка жарандык маселелер боюнча комиссиянын киргизген сунушунун негизинде кол коюлган.

Жалпысынан 111 адам Кыргызстандын жарандыгын алды, алардын ичинен 51и — балдар.Кытай жана Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздар көп. Кытайга кыргыздар 1916-1934-жылдары, ал эми Ооганстанга 1957-1930-жылдары кетүүгө аргасыз болушкан. Ооган кыргыздары билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи Памир тоолорунда жашашат.

Кыргызстанда памирликтердин тарыхый мекенине кайтуусу боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ошол бойдон чечилбей келген. Кыргызстан жыл сайын Памир тоолорунда жашаган кыргыздар үчүн гуманитардык жардам жеткирген экспедицияны жөнөтүп турат.

Бийлик 2017-жылдан аягында Ооганстандан 48 этникалык кыргызды Нарын облусуна көчүрүп келген. Аларга билим берүү, меджардам убада кылынып, ал тургай бир үй-бүлөөгө турак жай да берилген.

Бирок, келгенден кийин жарым жылдан соң 18 памирлик кыргыз Кыргызстандан кетип калган — алар тарыхый мекенинде жашоодон көңүлү калганын билдиришкен. Учурда Нарында памир кыргыздарынын 10 үй-бүлөсү жашап жатат.

2020-жылы өкмөт Талды-Суу айылында 11 үй куруп, аларга памирлик кыргыздардын 11 үй-бүлөсү жайгаштырылган.