БААУнун президентинин иши. Эндрю Качинс 60 миң сом айып төлөйт, андан соң өлкөдөн чыгарылат

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-июлда БААУнун экс-президенти Эндрю Качинстин баңгизат өндүрүү иши боюнча өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, сот Качинсти эки берене боюнча күнөөсү жок деп тапты — «Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» жана «Бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө атайын эрежеде каралган буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү». Бул беренелер боюнча Качинс кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталды.

Ошол эле учурда, БААУнун мурдагы президенти Жоруктар жөнүндө кодекстин башка беренеси — «Баңгизаттарды жана психотроптук каражаттарды аз өлчөмдө, сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча күнөлүү деп табылды. Жыйынтыгында сот 60 миң сом айып пул төлөө чечимин чыгарды.

Ошондой эле, өкүм күчүнө киргенден кийин Качинс Кыргызстандан АКШга чыгарылат. А бирок 24.kg басылмасынын маалыматында, мамлекеттик айыптоочу Качинсти 10 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып төлөөгө милдеттендирүү жазасын сураган.

Ошондой эле, 24.kgнин маалыматына ылайык, мамлекеттик айыптоочу жыйын учурунда Качинстин үйүндө гашиш табылганынын айткан. Ал эми Качинс, бангизат анын жашаган жеринде болгондугун айтып, өзү гашиш колдонбогондугун жана «аны таштайын деп жаткандыгын» кошумчалаган.

Качинстин иши

Эндрю Качинс 2021-жылдын апрель айынын аягында ИИМге суракка чакырылган. Анда ведомствонун басма сөз кызматы ал баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максаты жок мыйзамсыз даярдоого шектелип жатканын айткан.

ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылдын 11-мартында бажы кызматы Дубайдан БААУга, Эндрю Качинстин наамына жөнөтүлгөн аманатты кармаган.

«Коштоочу документтерде посылканын ичинде кагаздар, тагыраак айтканда документтер бар экени көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө желим баштыктарга оролуп салынган сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк жана кызыл-агыш түстөгү капсулалар болгон», — деп билдирген ИИМ.

12-мартта ИИМдин тергөө кызматы тарабынан «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылган.

Тергөө учурунда таблеткалар менен капсуланын курамында психотроптук заттар бар экени белгилүү болгон. Андан соң атайын кызмат Качинстин үйүн жана автоунаасын тинтүүгө алган. Андан соң 9-июнда Качинс БААУнун президенттик кызматынан кеткени жана үй-бүлөсү менен бирге болуу үчүн АКШга кайтууну чечкени белгилүү болгон. Ал «күтүүсүз жана таң калычтуу кыйынчылык» аны кызматынан баш тартууга аргасыз кылганын кошумчалаган.