АУЦАнын президентине каршы иш. Эмне белгилүү?

Борбор Азиядагы Америкалык университеттин (БААУ) президенти Эндрю Качинс баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2021-жылдын 11-мартында бажы кызматы Дубайдан БААУга, Эндрю Качинстин наамына жөнөтүлгөн посылканы кармаган.

«Коштоочу документтерде посылканын ичинде кагаздар, тагыраак айтканда документтер бар экени көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө желим баштыктарга оролуп салынган сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк жана кызыл-агыш түстөгү капсулалар болгон», — деп билдирген ИИМ.

Алардын маалыматына караганда, алдын-ала текшерүү учурунда таблетка жана капсулалар прекурсор жана баңгизат экени аныкталган. Окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин алынган каражаттарга мөөр басылган.

12-мартта ИИМдин тергөө кызматы тарабынан «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылууда.

ИИМдин маалыматына таянсак, тергөө учурунда таблеткалар менен капсуланын курамында психотроптук заттар бар экени белгилүү болгон. Андан соң атайын кызмат Качинстин үйүн жана автоунаасын тинтүүгө алган.

«Бүгүнкү күндө таблетка жана капсулалар кошумча экспертизага жиберилди», — деп билдиришти ИИМден.

БААУнун президенти Эндрю Качинске «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатпоо максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмышка шектелип жатканы тууралуу айтылып, суракка келип туруу жөнүндө милдеттенменин негизинде бошотулган. Тергөө амалдары уланууда.

«БААУ студенттери» фейсбук-тайпасында, ЖОЖдун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Дэвид Лахдхир желим баштыктагы каражаттар Качинстин врач жазып берген дарылары болгонун билдирген. Анын айтымында, дарылар АКШда колдонууга уруксаат берилген жана америкалык ири дарыкана тарабынан жөнөтүлгөн.

Буга чейин бир катар ЖМКларда Эндрю Качинс суракка чакырылганы тууралуу малымат тараган. Соцтүйүндөрдө БААУ президенти университет тууралуу негативдүү сүрөттөр үчүн кош бойлуу кызматкерине кыйкыргандыктан, анын үстүнөн арыз жазылган деген такталбаган маалымат пайда болгон.

Бул постту ар кайсыл аккаунттар университетти, иликтөөчү-журналисттерди, бейөкмөт уюмдарды жана феминисттерди каралоого колдонуп, алардан жогорудагы чырлуу окуяга көңүл бурууну талап кылышкан.

Анда ИИМ «жалган маалыматтардын тароосуна бөгөт коюу максатында», иштин чоо-жайын ачыкка чыгарган.

БААУ буга чейин дагы фейктер менен троллдордун бир катар чабуулдарына кабылып келген. Университетти жана анда окуган студенттерди ар кыл саясий кыймылдар менен бейөкмөт уюмдарды каралоо үчүн терс маанайда көрсөтүүгө аракет кылышкан.