Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти кызматтан кетти

Борбор Азиядагы Америка университети 7-июнда окуу жайдын президенти Эндрю Качинс кызматын тапшырганын билдирди.

Аны менен катар университеттин билдирүүсүндө Качинс АКШга кетүүнү чечкени белгиленген.

«Камкорчулар кеңеши академиялык сенат жана университеттин коомчулугу менен бирге жаңы президент издөөгө киришет», — деп айтылат билдирүүдө.

БААУдан кетип жатканын Качинс студенттерге жазган катында тастыктаган. Анда ал АКШга кетүү чечими «оңой болбогонун» белгилеген.

Андан тышкары, Качинс өзү кабылган «күтүүсүз жана күмөндүү юридикалык жагдай» аны ээлеген кызматынан кетүүгө аргасыз кылганын кошумчалаган.

Качинстин иши

Эндрю Качинс 2021-жылдын апрель айынын аягында ИИМге суракка чакырылган. Анда ведомствонун басма сөз кызматы ал баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоого шектелип жатканын айткан.

ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылдын 11-мартында бажы кызматы Дубайдан БААУга, Эндрю Качинстин наамына жөнөтүлгөн посылканы кармаган.

«Коштоочу документтерде посылканын ичинде кагаздар, тагыраак айтканда документтер бар экени көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө желим баштыктарга оролуп салынган сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк жана кызыл-агыш түстөгү капсулалар болгон», — деп билдирген ИИМ.

12-мартта ИИМдин тергөө кызматы тарабынан «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылган.

Тергөө учурунда таблеткалар менен капсуланын курамында психотроптук заттар бар экени белгилүү болгон. Андан соң атайын кызмат Качинстин үйүн жана автоунаасын тинтүүгө алган.

Ошол эле учурда, ИИМ Качинске Кыргызстандан чыгууга уруксаат берип-бербегени айтылган эмес. Материал жарыяланган учурда Качинстин иши боюнча ИИМден маалымат алууга мүмкүн болгон жок.