Социалдык тармактар менен мессенжерлерде адамдардын тобу коронавирустун алдын алуу үчүн эмделүүгө каршы чыгып, кыргызстандыктарды андан баш тартууга үндөп жатышканы тартылган видео тарап жатат. Алардын айтымында, вакцинация бул «жер планетасында жашаган элдин санын азайткысы келген глобалисттер менен масондордун планы».

Алар өздөрүн Кыргыз аксакалдарынын кеңеши деп тааныштырышат.

«Нобель сыйлыгынын лауреаттары дагы эмдөө алгандан кийин эки жылда өлөт деп айтып жатышат. Биз Кыргызстанда эмдөөгө каршыбыз», — дейт алардын бирөөсү видеодо.

Видеодогу адамдардын дагы бири вакцинация адамдарды кыруу максатын көздөйт, бул масондордун* планы деген оюн айтты.

*Масондук — бул өздөрүнүн сырдуу символдору менен ырым-жырымдары бар эркин таш кыноочулардын жашыруун коому. Алар тууралуу көптөгөн конспирологиялык, анын ичинде көшөгө артында дүйнөнү башкарышат деген дагы теориялар бар.

Ал эми видеодо сүйлөп чыккан үчүнчү адам «врачтар, экологдор жана вирусологдордун бардыгы оору тутанган убакта эмдөө жүргүзбөш керектигин айтып жатышат» деп билдирет. Ал «адамзаттын тукумун куруткусу келген глобалисттерге жардам берип жаткан» бийликке ишенбөөгө чакырды.

Эмдөөгө каршы чыккан топтогулардын ичинен дагы бир киши эмдөө мыйзамсыз экенин, алгач вакцинаны кыргыз лабораторияларында* текшерүү керектигин билдирди.

*Кыргызстанда вакцина иштеп чыккан же аны изилдеген лаборатория жок. Мындан тышкары, саламаттык сактоо министрлигине караштуу Лабораториялык изилдөөлөр борбору анализдерин Улуу Британия менен Орусияга жөнөтөт, анткени Кыргызстандын лабораториялары коронавирустун жаңы штаммдарын аныктай албайт.

Ошондой эле 17-июлда Нургазы Мусаев деген бирөөнүн ютуб-каналында жалган-табып Хашим Зайналиев эмдөө пайда алып келбейт, вирусту жөн гана дарылоо керек деп билдирген.

*Зайналиев онкологиялык оорулууларды дарылап жүргөнү 2016-жылы белгилүү болгон. Ал рак илдетине чалдыккан бейтабынын эмчегин наркозсуз кесип салууга аракет кылган — бейтап анын клиникасында көз жумган. Ошол эле убакта Зайналиев лицензиясы жок эле дарыгерлик кылып жүргөнү, тийиштүү билими да жок экени белгилүү болгон.

Хашим Зайналиев.

2018-жылы табып кандын рагына чалдыккан беш жашар кызды 100 пайыз айыктырам деп «дарылаганы» да чуу жараткан. Кыздын абалы ого бетер начарлап, ата-энеси аны онкологдорго алып кетишкен.

Ал убакта бул факты боюнча Зайналиевге карата кайрадан «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мурдараак Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов дагы вакцина кыргызстандыктардын тукум улоочулук жөндөмүнө таасир этиши мүмкүн деп билдирген.

Шайлообек Атазов.

«Вакцина алуу — бул күмөндүү, коркунучтуу иш-чара болуп жатат! Мага бүгүн маалымат келди: кээ бир мекемелер мажбурлап берип башташыптыр. Вакцина алуу менен, ковидди жок кылууга эч кандай далил жок! Бир да лабораториядан текшерүүдөн өткөн эмес! Вакцина - элибизди келечекте тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал. Эксперимент жүргүзүп жатышкан болсо, туура эмес! Саламаттык сактоо министрлиги вакцина алуудан башка жолдорун сунуштаса туура болмок», — деп жазган депутат фейсбук барагында.

ДССУ эмне дейт?

Мурдараак Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагылар ДССУ жактырган бир да вакцина тукумсуздукка алып келбешин айткан болчу.

«Бир да вакцина тукумсуздукка алып келбейт. Бул ар кандай вакциналарга байланыштуу жайылтылган жалган кеп, анын чындыкка эч кандай тиешеси жок», — деген ДССУнун иммундаштыруу жана вакцина боюнча департаментинин директору Кетрин О`Брайен.

Ал ар бир вакцина дыкат текшерүүдөн өтөөрүн дагы кошумчалаган.

«Вакцинанын курамындагы ар бир элемент текшерилет. Адамга вакцина саюудан мурда препараттарды жаныбарларга сайып сынайбыз, мүмкүндүү маселелердин баарын дыкат байкайбыз. Андан соң гана клиникалык сыноо этабында адамга сайылат. Ошол эле кезде коопсуздук — клиникалык сыноолор менен бардык вакцинанын эң маанилүү талабы», — деген О`Брайен.

ДССУ адамдарды өздөрүн жана жакындарын коргоо үчүн COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Уюм дүйнө жамааттык иммунитет аркылуу гана карантинсиз турмушка кайта алат деп белгилейт.

Буга Израиль ачык мисал болуп берет. 2021-жылдын июнунда Израиль чектөөлөрдөн баш тарта алган, ооруканалардын дээрлик бардыгы кереги жок болуп калгандыктан коронавирус бөлүмдөрүн жабып, өлүм учурлары кескин азайган — израилдиктер эмдөө алгандан кийин жамаааттык иммунитетке ээ болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Израилде жашы жогору калктын 80%дан ашууну коронавируска каршы эмделген.

Эмдөө тууралуу фейктерге каршы күрөшүү

Орусияда эмдөө тууралуу жалган маалымат таратуу үчүн адам үч жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. РИА Новости билдиргендей, бул тууралуу 16-июлда Конституциялык мыйзамдар боюнча федерация кеңеши комитетинин төрагасы Андрей Клишанс кабарлаган.

Анын айтымында, бул сыяктуу фейктерди таратуу үчүн физикалык жактарга үч жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги, юридикалык жактарга 1,5 млндон 3 млн рублга чейин штраф салуу каралган.

Ал белгилегендей, эмдөө тууралуу фейктерди жайылтуу жарандардын өмүрү менен саламаттыгына коркунуч жаратат, ага укук коргоо орган кызматкерлери тарабынан ыкчам түрдө чара көрүлүшү керек.

Ошондой эле март айында ДССУнун башчысы Тедрос Адан Гебреисус дагы врачтар жалган кептер менен ушактарга каршы күрөшүүгө аргасыз болуп жатканын билдирген. Ал тургай ДССУ COVID-19 тууралуу «жалган кептер менен жомокторду» төгүнгө чыгарган өзүнчө барак да ачкан.