Депутат Шайлообек Атазов коронавируска каршы эмдөө тууралуу фейк маалымат таратты

Шайлообек Атазов

Өлкөдө жарандарды коронавируска каршы эмдөө активдүү жүрүп жатканда, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына коронавируска каршы эмдөө тууралуу фейк маалыматты жайылтууда. Ал билдирүүсүндө окумуштуунун жалган цитатасын да, вакциналардын таасири жөнүндө фейкти дагы колдонгон.

Атазов эмне деп жазган?

Эл өкүлү вакциналар кыргызстандыктарды тукумсуздукка алып келиши мүмкүн экендигин айтып, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги коронавирус менен күрөшүүдө элге вакцина берүүдөн башка жолун сунуштасын деген пикирде жазган.

«Вакцина алуу — бул күмөндүү, коркунучтуу иш-чара болуп жатат! Мага бүгүн маалымат келди: кээ бир мекемелер мажбурлап берип башташыптыр.

Вакцина алуу менен, ковидди жок кылууга эч кандай далил жок! Бир да лабораториядан текшерүүдөн өткөн эмес! Вакцина - элибизди келечекте тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал»,— деп жазган депутат.

*Президент Садыр Жапаров 12-июлда COVID-19 дартына каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырган. Мындан сырткары Кыргызстандын муфтияты эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча атайын фатва чыгарган.

Мындан тышкары, Атазов эмдөөнүн зыяндуулугу жөнүндө цитатасы бар сүрөттү постко иллюстрация катары колдонгон. Анда дүйнөгө белгилүү окумуштуу, дарыгер жана биолог Илья Мечниковдун сүрөтү тиркелген. Бирок, бул цитата Мечниковго таандык эмес экени буга чейин далилденген.

Белгилей кетчү нерсе, парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоодо Атазов такталбаган маалыматтарга жана жасалма фактыларга каршы күрөшүү максатында Интернетте чектөөлөрдү киргизүүнү колдогон.

Андан кийин ал президентти жана депутаттарды «Интернетте каралаган» фейк аккаунттардан коргоп, жалган маалыматтардын жайылышын кыйыр түрдө өзгөчө оор кылмыш деп атаган.

«Жалган маалымат таратуу жакын адамыңдын этин жегенге барабар. Ушул жерде отуруп, баарына макул болушубуз керекпи?»,—деп Атазов ачууланган.

ДССУда эмне дешет?

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алар тарабынан жактырылган бир дагы вакцина тукумсуздукка алып келбестигин айтып келген.

«Вакциналардын бири дагы тукумсуздукка алып келбейт. Бул ар кандай вакциналар жөнүндө тараган ушак жана анын чындыкка эч кандай тиешеси жок»,— деди ДССУнун Иммунизация жана вакциналар департаментинин директору Кэтрин О'Брайен.

Ошондой эле ал ар бир вакцина тыкыр изилдөөдөн өтүп жаткандыгын кошумчалаган.

«Вакцинанын курамындагы бардык элементтер текшерилет. Адамга эмдөө жасоодон мурун, алгач дары-дармектерди жаныбарларга текшерип, мүмкүн болгон бардык көйгөйлөрдү кылдаттык менен көзөмөлдөп турабыз. Андан кийин гана, клиникалык сыноолордун этабында, вакциналар адамдарга жасалат. Ошол эле учурда, коопсуздук клиникалык сыноолордун жана бардык вакциналардын эң маанилүү критерийи болуп саналат», — деди ал.

Шайлообек Атазов деген ким?

Шайлообек Атазов парламентке 2021-жылдын март айында депутат болуп келген. Бирок бир катар жаңжалдар жана кызыктуу пикири менен элге танылганга үлгүргөн.

Мисалы, Шайлообек Атазов 11-мартта парламенттин отурумунда Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар «улуттук баалуулуктарды тебелеп, кыргыз мамлекетин жок кылышы мүмкүн» деп билдирген.

Кийин, 23-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын ортосунда чыр чыккан. Анда Атазов депутат Айсулуу Мамашовага жулунуп, парламенттин дагы бир депутаты арачага түшкөн. Көп өтпөй Атазов чыр башкача болгонун, чындыгында ал башка партиялаштары менен талашып-тартышканын, ал эми Мамашева аларды арачалоого аракет кылган деп айткан.

«Кече күнү парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишбестик болуп кеткен. Ошол учурда бөлүштүрүү максатта мага келип, колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр», — деп жазган ал.

Ошондой эле, ал бейөкмөт уюмдар аны каралоого аракет кылууда деген ойдо — бирок ал баарына жага тургандай «доллар» эмес.

Андан тышкары, Атазов бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы катары белгилүү. Ал 19-февралда Матраимовду коргоо боюнча митингде сөз сүйлөгөн.