Жапаров менен Ысык-Көлдө сүрөткө түшкөн киши анын шайлоо фондуна 6 млн сомдон ашуун каражат которгон — Фактчек

Садыр Жапаров Нурбек Калмурзаев менен түшкөн сүрөтү

Президент Садыр Жапаров 19-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына барып, эс алуучулар менен сүрөткө түшкөн. Сүрөттөрдүн бири соцтармактарда кызуу талкууга алынып, ага байланыштуу мемдер да жасалган.

«Фактчек» басылмасы президент менен түшкөн киши Нурбек Калмурзаев экенин аныктады — ал Кара-Суу районундагы «Баястан» ресторанынын ээси. Калмурзаев жыл башында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун фондуна 6 млн 592 миң сом каражат которгону белгилүү болду. Ал эми анын социалдык тармактардагы сүрөттөрүнөн ал Жапаровдун колдоочусу экени байкалат.

Калмурзаев коомчулукка пандемияга байланыштуу чектөөлөргө карабастан ресторанында той өткөргөнү менен таанылган. Кара-Суу РИИБси 2020-жылдын июль айында Калмурзаевге карата «Чектөө иш-чараларынын талаптарын бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Милициянын маалыматына ылайык, Калмурзаев эскертүүлөргө карабастан «Баястан» ресторанында той-маарекелерди өткөргөн.

Мындан сырткары «Фактчектин» журналисттери Жапаровдун жанында турган аял Назиза Теңиева экенин, ал Калмурзаевдин жубайы болгонун да аныкташты.

Калмурзаев «SuperTV» каналына маек куруп, Жапаров менен сүрөткө түшкөнүн тастыктаган. Ишкер президент менен көлдө капыстан жолугушуп калышканын айткан. Ошондой эле анын «карапайым жана жөнөкөй болгонуна» баа бергенин белгилеген.

«Ошол күнү биз суунун жээгинде эс алып, чөмүлүп жатканбыз. Анан кийин эле жанымдагылар “президент келди” деп айтып калды. Биз карасак эле жаныбызда, суунун жээгинде, Садыр Нуркожоевич эл менен сурашып жаткан экен. Анан биз жанында эле болчук, басып барып туруп калдык ошол жерге», — деди Калмурзаев.

Анткен менен ишкер журналисттерге президент менен тааныш болуп-болбогонун жана шаайлоо маалында ага демөөрчү болгонун ачыктаган эмес.