Тажикстан «Головнойдон» 10 метр аралыктагы аймагына видео байкоочу камераларды орнотту

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жай. Сүрөт: «Клооп»

Тажик бийлиги Баткен районундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдан 10 метр аралыктагы аймагына видео байкоочу камераларды орнотту. Бул тууралуу Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода «Озоди» басылмасына билдирди.

Баходурзоданын айтымында, камералар суу бөлүштүрүүчү жайдагы электр мамычаларга эмес, өз аймагындагы дарактарга орнотулган.

«Видеобайкоочу камера суу бөлүштүрүүнү жана суунун деңгээлин көзөмөлдөө үчүн зарыл. Камера эки өлкөнүн чек арасын аныктабайт. Ал эми суу бөлүштүргөн жай тууралуу эки тарап кол коюлган макулдашууларга ылайык өзүнө алган милдеттемелерди так аткарып жатат», — деген ал.

Ал эми «Головнойдун» кызматкери Гафур Холиков «Озодинин» журналистине суунун бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөөдө эч кандай тоскоолдук жок болгонун билдирди.

«Бекитилген нормативдерге ылайык, июлдун үчүнчү декадасында Кыргызстан суунун 22,3%ын алды. Суунун бөлүштүрүлүп жатканына кыргыз тарап менен бирге көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Көзөмөл күнүнө беш жолу жүргүзүлөт», — деп айткан Холиков.

«Видеокөзөмөл коюлган эмес жана коюлбайт дагы»

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн «тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагында камера орнотту» деп тараган маалыматты четке какты. Мекемеден эки тарап 28-29-апрелдеги жаңжалда талкаланган камераларды гана калыбына келтиргенин айтышты.

«Видеокөзөмөл “Головной” суу бөлүштүрүү аймагына коюлган эмес жана коюлбайт дагы. Бүгүнкү күндө суу бөлүштүрүү аймагында жана жолдордо эч кандай видео көзөмөлдөөчү каражаттары жок», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле жергиликтүү бийликтен тажик тарап камераларды «чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо» үчүн орнотконун кошумчалашты.

Жергиликтүү тургундар «Турмуш» басылмасына жиберген сүрөттөрдө камералар «Головнойдун» жанындагы Тажикстандын аймагына орнотулганын көрүүгө болот.

Ал эми Баткен облусттук милициясынан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык объект болгондуктан ал Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып жатканын билдиришти.

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан. Анда Ак-Суу дарыясынан аккан суу бөлүштүрүлөт.

1991-жылы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосунда Ак-Суу дарыясындагы сууну бөлүштүрүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык ар жылы 1-октябрдан 1-апрелге чейин Ак-Суу дарыясындагы сууну кыргыз тарап пайдаланып, Төрт-Гүл суу сактагычына суу куюулат. Андан соң эки ай Тажикстан жана Өзбекстан пайдаланат. 1-июндан тарта 4 ай сууну үч мамлекет тең пайдаланат.

Тажикстандын аскерий агрессиясы

28-апрелде тажик тарап Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычаларга өз алдынча видео байкоочу камера орнотууга аракет кылып, анын айынан эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Кийинчерээк чыр куралдуу жаңжалга айланып, ок атуулардын кесепетинен 189 кыргыз жараны жарадар болуп, анын ичинен 36 киши каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Тажик аскерлер Баткен районунан сырткары Лейлек районундагы айылдарга да кол салып, жалпысынан 129 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик