Бир кадр менен: Жапаров менен Ташиев суу жээгинде сүрөткө түштү

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев табият койнунда кучакташып сүрөткө түштү. Сүрөттөрдү Ташиевге таандык деп айтылып жүргөн «Регион» телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов жарыялады.

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов. 

Ал сүрөттүн алдына «Ырыс алды — ынтымак» деп жазган.

Буга чейин бир катар ЖМКларда Жапаров менен Ташиевдин ортосунда пикир келишпестик жаралганы тууралуу маалымат тараган.

Андан тышкары, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев президент менен УКМК төрагасы бийлик бөлүшө албай жатат деп айтып чыккан.

Токтогазиев Жапаров менен Ташиев сүйлөшүп бирөөсү саясаттан кетиши керек, болбосо «эки дос, эки дөөгө айланып» Кыргызстандагы башкаруу системасын толугу менен жок кылышы мүмкүн деп жазган.

Тема боюнча: Кымбаттуу досум: Ташиевдин кучакташып түшкөн сүрөттөрүнүн чакан альбому