Кымбаттуу досум: Ташиевдин кучакташып түшкөн сүрөттөрүнүн чакан альбому

Камчыбек Ташиев көп жылдан берки үзөңгүлөш досу, жаңыдан эле парламент тарабынан премьер-министрлик кызматка бекитилген Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөттөрүн фейсбук барагына чыгарды. Эки саясатчынын өмүр жолун тыгыз мамиле, бир өңчөй идея, бирдей саясий кызыкчылык, сот териштирүүлөрү жана бир партия бириктирет.

2011-жылдын 1-апрели. Жыйындар ортосундагы тыныгууда «республикачы» Алтынбек Сулайманов менен «ата-журтчулар» Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров мушташа кетип, Ак үй чаң-тополоң түшүп жатып калат. Ал кандай болгонун бул жерден окуңуз.

Анткен менен кучакташкан сүрөттөр Ташиевдин башка да саясий тандемдерин, мисалы, 2017-жылы президенттик шайлоодо бийликчил талапкерди жан үрөп колдогондогу Сооронбай Жээнбеков экөөнүн мамилесин эске салды. Ал учурда Ташиев өзү дагы президенттик шайлоого катышып, бирок азыркы президенттин пайдасы үчүн талапкерлигин алып салган. Ушул эле шайлоого Садыр Жапаров дагы катышкысы келип, бирок ал Кыргызстанга келери менен колго түшүрүлүп, Ысык-Көл облусудагы башаламандык учурунда саясатчы Эмилбек Каптагаевди барымтага алган делип айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Баса, Каптагаев сот залында Жапаровго карата эч кандай доосу жоктугун да айткан.

Президенттик шайлоого чейин, шайлоодон кийин деле Ташиев мурунку өкмөт башчы жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду да колдоп жүргөн. 2015-жылы «Ата-Журт» менен «Республика» партиясы бириккенде эки саясатчынын Жаңы жылдык куттуктоо стилиндеги сүрөттөрү жарык көрүп, ал тургай, экөө камера алдында бирин-бири кар менен шыбашканына күбө болгон элек.

Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон учурда, Ташиев аны менен Москвага да барып жолугушуп келген. Ал учурда Бабановго бир нече кылмыш иштери козголгон. Сүрөттүн алдына Ташиев «Жакшылыктын баардыгы эми башталды! Жолукканча!», деп жазган.

Сүрөт 2019-жылдын, март айынын аягында жарык көргөн, ал эми Бабанов өлкөгө апрель айында кайтып келүүнү убада кылып, бирок алда канча кечирээк, тагыраагы, августта кайтып келген. Бабанов саясаттан кетем деп убада берген, бирок убадасы 2020-жылдын октябрь айындагы митингдерге чейин эле аткарылган. Анткени алгач өз талапкерлигин премьер-министрликке көрсөтүп, андан кийин атаандашы Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогон.