Токтогазиев: Жапаров менен Ташиев бийлик бөлүштүрө албай жатышат

Тилек Токтогазиев

Ишкер жана мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев фейсбук баракчасында президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «бийлик бөлүштүрө албай жатат» деген пикирин билдирди.

Токтогазиевдин айтымында, мындан улам Ташиев менен Жапаровдун айланасындагылар баштары айланып, кимди угарын билбей жатат.

«Жапаров бир позиция менен чыкса, Ташиев пресс-конференцияларды берип, президенттин ыйгарым укуктарын ээлеп алгандай эле болуп, кээде Жапаровдун позициясына каршы пикирин билдирип коёт», — дейт Токтогазиев.

Буга мисал катары, жакында жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоону келтирген. Анда Жапаровго таандык «Мекенчил» партиясы катышпагандыгын айтып, ал эми Ташиев негиздеген «Ата Журт Кыргызстан» партиясы «көп жерлерде» утуп чыгып жергиликтүү кеңештерди жетектеп жатканын белгилеген.

«Бул кырдаал албетте Жапаровго жана анын жанында жүргөн адамдарына жакпады. Ошол үчүн айыл өкмөттөрдү жана мэрлерди дайындоо боюнча акимдер чечсин деген нормаларды жаңы мыйзамдарга киргизип жатышат», — деп жазган ал.

Экс-министр ошондой эле, баардыгы үчүн жооптуу болгон президенттин саясаты «биздин өлкөнү чоң туңгуюкка алып барат» деп эсептейт. Жана буга жол бербөө үчүн эмгекти жана жоопкерчиликти туура бөлүштүрүү керектигин баса белгилеген.

Токтогазиевдин айтымында, Жапаров менен Ташиев «бири-бирин кызганат» жана мурдатан калыптанган жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын талкалай башташты.

«Ооба каталар көп болгон, бирок негизги багыты туура эле болчу. Бара-бара көч оңолот эле. Алдыга баскан жолдон бурулуп, кайра 20 жылга артка кетип бараткандай эле сезилет», — деп кошумчалаган ал.

Жыйынтыгында, Токтогазиев Жапаров менен Ташиев сүйлөшүп бирөөсү саясаттан кетиши керек, болбосо «эки дос, эки дөөгө айланып» Кыргызстандагы башкаруу системасын толугу менен жок кылышы мүмкүн деп жазган.

Тилек Токтогазиев ишкер. 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкандан кийин, ал айыл чарба министри болуп дайындалган. Ал бул кызматта 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген.

Анда Жогорку Кеңештин Мамлекеттик уюштуруу боюнча комитети министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун өкмөт курамын бекитип, анын курамында Токтогазиев жок болчу.

2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо Токтогазиев саясатчы Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» партиясынан талапкерлигин көрсөткөн. Кийинчерээк ал партиядан чыгып, бирок 2021-жылы 23-июлда Токтогазиев кайрадан «Ата Мекендин» катарына киргени белгилүү болду.