2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан партиялардын бардыгына күрөөгө койгон акчалары кайтарылат. Бул тууралуу «Клоопко» БШКдан билдиришти.
«Азырынча документтерди даярдап жатабыз. Так күнү азырынча белгисиз, бирок күрөө акчалары кайтарылат», — дешти БШКдан.
Комиссиянын мүчөсү Тынчтык Шайназаров 24.kgге курган маегинде белгилегендей, шайлоодо массалык мыйзам бузууларга тек гана айрым саясий партиялардын аракеттери себеп болгону сот тартибинде далилденбегендиктен, партиялардын баарына күрөө акчалары кайтарылат.
«Анын үстүнө, расмий түрдө жыйнтыгын чыгарган эмеспиз, ошондуктан ошол учурда колдонулуп келген шайлоо мыйзамына ылайык, 7% добуш ала албай калган партияларга каражатын кайтарып берүүдөн баш тартууга акыбыз жок. Бардык 16 саясий бирикме акчасын алат», — деп түшүндүрдү Шайназаров.
2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуунун күрөөсү 5 млн сомду түзгөн.Мурда «Реформа» партиясы БШКга арызданып билдирүү жасаган. Билдирүүдө саясий бирикме эгерде БШК күрөөнү кайтарбаса сотко берерин айткан. Партия күрөө каражатын краудфандиң аркылуу чогулткан.
«Биз жеке пайдабызды көздөп бул каражаттарды алуу үчүн күрөшүп жаткан жокпуз. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, бул 5 миллион сом аларды берген жарандарга жана уюмдарга кайтарып берүүгө жатат. Бизге бул күрөөнү чогултууга жардам кылгандардын ар бири бир сомуна чейин өз каражаттарын кайтарып алышат», — деп билдиришкен партиядан.
Анда БШК мыйзам боюнча акчаны кайтарып бере албасын, бирок бул маселени чечүүгө аракет кыларын билдирген.
2020-жылдагы парламенттик шайлоо
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Жалпы өлкө боюнча шайлоочуларды массалык ташып келүү, добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, форма №2 аркылуу жапырт каттоо сыяктуу көрүнүштөр катталган.
«Клооптун» байкоочулары шайлоо участкаларында миңдеген мыйзам бузууларды катташкан.
БШК жарыялаган жыйынтык боюнча, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке жакын болгон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары өткөн.
Ошол эле күнү кечинде кыргызстандыктар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышкан. Митингде укук коргоо орган кызматкерлери менен нааразылык акциясына келгендердин ортосунда кагылышуу болуп, натыйжада Ак үй басып алынган.
Башаламандык учурунда митингчилер мурунку президент Алмазбек Атамбаевди, экс-премьер министр Сапар Исаковду жана экс-депутат Садыр Жапаровду камактан бошоткон.
Кийин Жапаров өзүн премьер-министр деп жарыялап, бир катар депутаттар аны колдоп беришкен. Бирок активисттер менен башка депутаттар буга каршы болуп, Жапаровдун дайындалышын легитимсиз деп аташкан.
Бирок ага карабай 10-октябрда алтынчы чакырылыштын депутаттары дайындоонун легитимдүүлүгүн камсыздоо үчүн кворум чогултуп, Жапаровду өкмөт башчылык кызматка шайлашкан.
Премьерлик кызматка киришкен Жапаров өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыларын билдирген. Көп узабай эле 16-октябрда Жапаров президенттин м. а. болуп калган. Анткени Жээнбеков отставкага кетип, парламент спикери Канат Исаев өлкө башчысынын милдетин аткаруу ыйгарымынан баш тарткан.
Андан кийин Жапаров өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдум жана президенттик шайлоо өткөрүп, экөөнөн тең жеңип чыккан. Ал күнү шайлоочулар президенттик башкаруу формасын тандашкан.