Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир кыз каза таап, үч адам жабыркады

ӨКМдин басма сөз кызматы Чырпыкты айылындагы Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда жол кырсыгы болгонун кабарлады — «Тойота-Раф4» жана «Тойота-Ярис» унаалары кагышкан.

Ведомствонун маалыматына караганда, жол кырсыгында бир аял каза таап, үч адам жабыркаган. Алардын аты-жөнү такталып жатат.

Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы кырсык. Сүрөт: ӨКМ

Кырсык болгон жерге Ысык-Көл районунан үч куткаруучу барган. Алар жабыркагандарды унаадан чыгарып, медиктерге өткөрүп беришкен. Каза тапкан кыздын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын саны өскөнүнө президент Садыр Жапаров көңүл буруп, ал ИИМ башчысы Улан Ниязбековго жолдордо көзөмөлдү жана алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Мындан кийин Ниязбеков ЖКККББ менен Бишкектин кайгуул милициясынын ишин сынга алган. Министр аларга үч нөөмөттө иштөө тапшырмасын берип, кыска убакытта жыйынтык көрсөтө албаган жетекчилерди «кызматтан кетирүүгө» аргасыз болорун айткан.

Акыркы бир нече күндө Чүй жана Ысык-Көл облустарында адамдар каза тапкан бир нече кырсык болгон. 22-июлда Чүй облусунун Кемин районунда кырсыктан улам алты адам каза тапкан. Милиция кагышкан эки машинанын бирөөсүнүн айдоочусу мас абалда болгонун билдирген.

Ошол эле күнү, 22-июлда Чырпыкты айылындагы Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда дагы эки автоуунаа кагышкан — айдоочулардын бири мас абалында болгон. Жол кырсыгында беш адам каза болуп, дагы 10 киши жабыр тарткан.