Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 киши каза болуп, дагы 5 киши жабыркады

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ысык-Көл облусунун Чырпыты айылында 21-июль күнү Lexus-470 жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалар кагышып, беш адам каза болду. Кырсыкта жабыркаган дагы беш киши аймактык ооркуканага жеткирилди.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаев «Клоопко» кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 35-чакырымында катталганын билдирди.

«Жол кырсыгы батыштан чыгышты көздөй баратканда Чырпыкты айылынын чыга беришинде 22-июлга караган түнү катталган. Эки машинанын тең ичинде бештен адам болгон. Mitsubishi үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги адамдардын баары окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми Lexus-470 үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги кишилер ар кандай оор жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген», — деди маалымат катчы.

Исаев учурда окуя Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады.

Буга чейин, 11-июлда Ош облусунун Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында Lexus-570 жана Toyota Corolla унаалары кагылышып, эки адам каза болгон. Андан сырткары үч киши жабыркап ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырган.