Чүйдө жол кырсыгынан алты адам каза болуп, үч киши жабыркады

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Чүй облусунун Кемин районунда 22-июлда «Хонда Степвагон» жана «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, алты адам каза болду. Андан сырткары үч киши жабыркап, алардын абалы оор деп бааланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлинин маалыматына ылайык, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында Нур айылында катталган.

Кырсык болгон жерге Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган үч курткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын сөөктөрүн унаадан алып чыгышкан.

Өлкөдө адам өмүрүн алган жол кырсыктар акыркы учурларда көп болууда. 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чырпыты айылында «Лексус-470» жана «Мицубиси» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, беш адам каза болгон. Кырсыкта жабыркаган дагы беш киши аймактык ооркуканага жеткирилген.

Андан мурда 16-июлда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «Хонда Одиссей» жана «Уаз» үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, бир адам каза болгон. Мындан сырткары дагы тогуз адам жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырды.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.